• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Коомдогу туруктуулук инвестиция тартууга жана жаңы өндүрүштөрдү ачууга шарт түзөт

Коом 0

Бишкек. 14.05.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев монолиттик биметаллдык радиоторлорду чыгаруучу заводдун ачылыш аземине катышып, өндүрүштүк базасы жана чыгарылган продукциялардын үлгүлөрү менен таанышты.

Өкмөт башчы өз сөзүндө баса белгилегендей, атамекендик экономиканы өнүктүрүүдө инвестициялар жана жаңы өндүрүштү ачуу маанилүү роль ойнойт, алар – туруктуулуктун жана инвестициялык жагымдуулуктун күбөсү.

«Өкмөттүн эң башкы милдеттеринин бири – бул жаңы жумуш орундарын түзүү, эмгек акыны, социалдык жөлөкпулдарды жана пенсияларды жогорулатуу. Өлкөдө өткөн жылы бир катар ири, орто жана чакан ишканалар ачылып, 77 миңден ашуун иш ордун түзүүнү шарттаган. Ошентип, өндүрүштү өнүктүрүү менен биз Кумтөр кенинин өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн көз карандылыкты азайтуу үчүн шарттарды түзүп жатабыз. Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө суроо-талап бар, экспортко багытталган өндүрүшкө басым жасоо керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр эскерткендей, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча атамекендик ветеринардык тутум Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына эквиваленттүү деп таанылган.

«Биз инвесторлорду колдоп, мындай өндүрүштөр көп болушу үчүн алардын маселелерин чечүүдө көмөктөшүүгө тийишпиз. Быйыл өлкөдө бир катар жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы пландалууда. Либералдык салык тутумун эске алганда, өндүрүштү өстүрүү жана экономиканы бекемдөө үчүн бизде бардык шарттар бар», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Завод менен таанышкан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тармактык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине өндүрүштү толук кубаттуулукта ишке киргизүүгө ар тараптуу аракеттешүүнү тапшырды.

Маалымдама: «Бишкек» Эркин экономикалык аймагында жайгашкан монолиттик биметаллдык радиоторлорду чыгаруучу заводдун Борбор Азия боюнча аналогу жок.

Заводдо куюучу цех, механикалык цех, боёо цехи, таңгактоо цехи жана даяр продукциянын кампасы бар. Толук кандуу ишке берилгенде завод 500дөн ашуун жумуш ордун түзөт.

Заводдун продукциясы ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттоого багытталган.

Учурда «Бишкек» ЭЭА аймагында 303 субъект экономикалык ишмердүүлүгүн жүргүзөт, алардын ичинен 69 субъект – өндүрүшчүлөр. «Бишкек» ЭЭА субъекттери 123 аталыштагы товарларды өндүрүшөт, анын ичинде 63 түрү чет жактарга экспорттолот.

Пикир

Оставить комментарий