• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: «Коопсуз шаар» долбоору жол кырсыктарын кыйла азайтты

Өкмөт 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун директору Гульмира Баратова билдиргендей, «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруу боюнча пландаштырылган иш-чаралар мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылды.

«Бүгүнкү күнү Бишкек шаарында видеокөзөмөл камералары менен 38 көчө кесилиши жана 4 ылдамдык чектери жабдылган. Мындан тышкары Чүй облусунда 48 стационардык жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс орнотулган», - деди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, «Коопсуз шаар» долбоору көп жылдардан бери ишке ашпай, кагаз жүзүндө калып келген.

«Ошол эле учурда жарандар жолдордо тартипке келтирүүнү талап кылып жатышты. Себеби жыл санап жол кырсыктарынын өсүүсү байкалып, өлүмдүүлүк жана жаракат алуу коркунучу өсүп жатты. Бүгүн биз адистер командасынын күчү менен «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын ийгиликтүү ишке ашыра алдык», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Бардык көрсөткүчтөрдүн азаюусу байкалууда: жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны эки эсеге, жол кыймылынын эрежесин бузуулардын саны үч эсеге кыскарган».

Өкмөт башчы белгилегендей, долбоордун алкагында негизги иш-чаралардан тышкары жол кыймылын талдоо боюнча чоң иштер аткарылды. Алар борбор калаанын ыңгайлуу жана ойлонулган жол-транспорттук тутумунун болушуна багытталган.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, «Коопсуз шаар» долбоору бардык эле баштоолор сыяктуу сын-пикирлерди жана сактангандыкты пайда кылды.

«Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө кайсы бир талаштуу учурлар келип чыгуула. Бул боло турган көрүнүш. Алсак, буга чейин унааларын үчүнчү жактарга ишеним кат боюнча саткан жарандар унаанын азыркы ээси тарабынан жасалган жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдарды алышууда. Бул маселени биротоло чечүү керек. Бардык жарандарды дагы бир ирет ишендирип кетким келет - «Коопсуз шаар» эл үчүн, жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо үчүн иштейт», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга «Коопсуз шаар» долбоорунун кийинки этаптарын сапаттуу даярдоо жана ишке ашырууну камсыздоо боюнча маселелерди өз убагында чечүүнү тапшырды.

Маалымдама: «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден тартып Бишкек шаарында жол кырсыктарынын саны 3,4%, каза болгондордун саны – 68,8%, Чүй облусу боюнча 3,8% жана 37% кыскарган.

Мындан тышкары шаардын өткөрүмдүүлүгү жогору жолдорунда жол кырсыктарынын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 эседен ашык кыскарган.

Пикир

Оставить комментарий