• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу графикке ылайык жыйынтыкталышы зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү, - деп билдирет өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев маалымдагандай, учурда «Коопсуз шаар» долбоорун координациялоочу ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлгөн.

Буга катар биринчи этапты ишке ашыруу Планынын долбоору даярдалган. Бүгүнкү күндө Долбоордун жалданма компаниясы тарабынан Бишкек шаарындагы объектилердин топографиялык сүрөттөрү, инженердик коммуникацияларга кошулуунун техникалык шарттары алынган, Бишкек шаардык мэриясы менен маалыматтарды өткөргүч каналдарды жана аба аркылуу электр камсыздоо линияларын жасоого уруксаат берүү өтүнүчү келтирилип, сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

«Белгилей кетчү нерсе, биринчи этаптын алкагында Бишкек шаарынын негизги чоң көчөлөрүндөгү төрт ылдамдык чектери жана 38 көчөнүн кесилиши каралат. Учурда Бишкек – Ош, Бишкек - Торугарт, Бишкек –«Манас» аэропорту, Бишкек – Чалдыбар жана Бишкек – Кордай унаа жолдорундагы ылдамдык режимин бузуу фактыларын фиксациялоочу стационардык аппараттык-программалык комплекстер (АПК) жайгаштырылчу орундарды иликтөө иштери жыйынтыкталды, мында 48 ылдамдык стационардык чектери иштейт.

Графикке ылайык, 25-декабрда алгачкы жабдууларды алып келүү пландаштырылууда. Андан соң 2019-жылдын 25-январынан тарта тесттик эксплуатациялоону баштоо, ал эми 10-февралга карата өнөр жай форматында ишке киргизүү пландаштырылууда», - деп белгиледи Бакыт Шаршембиев.

Маалыматтык технологиялар комитетинин башчысы экинчи этапка байланыштуу билдиргендей, учурда «Коопсуз шаар» компонентинин экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө. Жалпы республика боюнча аппараттык-программалык комплекстер орнотулчу жайлар аныкталган. Бүгүнкү күнү 189 орнотуу жайы жана 40 көчмө аппараттык-программалык комплекс аныкталды. АПК орнотулчу тилкелер жол кырсыктары көп катталган жерлерде аныкталган. Азыркы тапта экинчи этапты ишке ашыруу үчүн техника-экономикалык негиздеменин долбоорун даярдоо иши жүрүүдө.

Бакыт Шаршембиев Өкмөт башчы тарабынан «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууну тездетүү боюнча коюлган милдет графикке жараша, кечиктирилбестен аткарыла тургандыгына басым жасады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаардык жана республикалык унаа жолдорундагы ылдамдык чектерде жана кесилиштерде аппараттык-программалык комплекстерди жайгаштыруу маселеси боюнча бирдиктүү макулдашылган пикирдин жоктугун сынга алды.

«Аталган иштин ар кыл этабындагы ишке жоопкерчиликсиз жана шалаакылык мамиле кылуудан улам долбоорду ишке ашырууга эч кандай тоскоолдук жаралбашы керек, анткени ушундан улам ал узак мезгил бою ишке ашырылбай келген. Мен буга жол бербейм – биз Коопсуз шаар» долбоорун баскычтуу жана так аткарылышына жетишебиз, андагы ар бир баскычта көрсөтүлгөн мөөнөттөр тыкыр сакталышы керек. Даярдык иштери сапаттуу иштелип чыгуусу кажет», - деп белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы ошондой эле тутумду ишке берүүгө дейре, долбоорду ишке киргизүү үчүн зарыл болгон бардык тийиштүү ченемдик-укуктук актылардын кабыл алынышын камсыздоону талап кылды. Ошондой эле бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен акча каражаттарын бөлүштүрүү схемасын жана эсептерди даярдоо маселесин так иштеп чыгуу тапшырылды.

Мындан тышкары, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, жарандар өлкө жолдорундагы коопсуздукту камсыздоо боюнча киргизилип жаткан тутумдун негизги аспектилери тууралуу маалымдар болушу үчүн өлкө боюнча кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин тыкыр жүргүзүү зарыл.

Өкмө башчы кошумчалагандай, долбоордун экинчи этабын ишке ашырууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын активдүү катышуусу шарт.

Пикир

Оставить комментарий