• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: «Коопсуз шаар» долбоорун натыйжалуу ишке ашыруу – Өкмөттүн башкы артыкчылыктарынын бири

Өкмөт 0

Бишкек 21.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоору боюнча ачык аукциондун жыйынтыгы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык-айкын, мыйзам талаптарына ылайык өткөрүлгөн сынак тууралуу маалымат берилди.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, «Вега» «Радиоуктуруу концерни» россиялык компаниясы сынак жеңүүчүсү катары таанылган, мындан тышкары сынакка дагы эки компания катышкан.

«Долбоорду ишке ашыруу наркы 2 млрд 320 млн сом суммасында аныкталган, бул баштапкы баадан 230 млн сомго аз. «Вега» «Радиоуктуруу концерни» биринчи лот боюнча 1,125 млрд сом сунуштаса, экинчи лот боюнча 1,195 миллиард сом сунуштаган. Аудитордук текшерүүдөн кийин компания каражатты кепилдик взнос катары которуп берүүгө тийиш болот», – деди ал.

Анын маалыматы боюнча, сынак шарттарына ылайык, «Вега» «Радиоуктуруу концерни» тийиштүү техниканы жеткирүүнү камсыздап, жабдууларды монтаждоо боюнча ишти баштоосу керек.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикованын айтымында, учурда жумушчу топ тарабынан ченемдик-укуктук актыларга тийиштүү өзгөртүүлөр даярдалган. Буга катар протоколдорду дареги боюнча жеткирчү эреже бузууларды фиксациялоо тутуму пилоттук режимде ишке киргизилген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, жарандар үчүн маанилүү жана керектүү долбоорду ишке ашырууда жүргүзүлүп жаткан иштин бардык этаптары тыкыр аткарылып, жарандарда күмөндүү суроолор жаралбагандай болуусу үчүн бардык процесстердин транспаренттүүлүгүн камсыздоо зарыл.

Өкмөт башчы «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон процедураларды тыкыр жыйынтыктоону, анын ичинде биринчи иретте видеокөзөмөлдөө камералары орнотулчу конкреттүү кесилиштерди жана унаа жолдор тилкесин көрсөтүү менен тийиштүү келишимди даярдоону тапшырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, долбоорду ишке ашыруу процессин так мөөнөттөрдү көрсөтүү менен этаптарга бөлүү зарыл.

«Жолдордо коопсуздукту камсыздоо жана «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси – өлкө Өкмөтүнүн ишмердигиндеги башкы артыкчылыктардын бири. Биз долбоорду мүмкүн болушунча ыкчам ишке ашырып, оң натыйжаларга жетишүүгө тийишпиз. Мамлекеттик органдардын жетекчилери бул иш үчүн жеке жоопкерчилик алышат. Мында башаламандыкка жол бербөө керек», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр бардык зарыл процедураларды кыска мөөнөттө аяктоону жана долбоорду ишке киргизүүгө зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну тездетүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле унаа сүйүүчүлөрдү жолдордо киргизилип жаткан коопсуздукту камсыздоо тутумунун иштөө принциптери тууралуу өз убагында маалымдоо үчүн тийиштүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий