• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында аныкталган көйгөйлөр тууралуу айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттө өткөн брифингде “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында аныкталган көйгөйлөр тууралуу билдирди.

Анын айтуусунда, долбоор ишке кирген күндөн тарта туура бир жума өттү. Бул убакыттын ичинде 9 миң 700 эреже бузуу катталып, анын ичинен 50%ы бузуу катары бекитилген.

Абылгазиев баса белгилегендей, аны менен катар бир нече көйгөй жаралды. Анын ичинен эң негизгилери: жол тыгын, мамлекеттик номурларга байланыштуу эреже бузуулар (жасалма, жашыруун ж.б), жол чырактардын өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү, жол белгилери жана стоп линиялар.

“Негизги көйгөйлөр жол инфраструктураларына, жол белгилерине, мамномурларга (кээ бирлери бир унаага катталып, башка унаалар менен колдонулууда) байланыштуу. Андан тышкары , кээ бир чоң: 7 апрель/ Горький көч, Чүй/Курманжан Датка көч, Жибек Жолу/Фучик көч. кесилиштериндеги тыгындар менен байланыштуу. Ушул кесилиштерде “жашыл” өң узагыраак күйгөндөй кылып жол чырактардын ишин тууралоо керек”, - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, бул кемчиликтер бир жуманын ичинде четтетилет.

Эске сала кетсек, “Коопсуз шаар” 12-февраль күнү ишке кирген.

Пикир

Оставить комментарий