• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев «Коопсуз шаарды» ишке киргизүүгө даярдыктар боюнча тапшырмаларды берди

Өкмөт 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыктар боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычын ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Анын маалыматы боюнча 2018-жылдын 27-декабрында Бөкөнбаев – Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде, Лебединовка айылында 7,6 км, 10 км чекте, 2018-жылдын 29-декабрында Байтик Баатыр жана Манас көчөлөрүндө аппараттык-программалык комплекстер (АПК) орнотулган. Бул комплекстер тесттик режимде иштеп жатат.

«2019-жылдын 8-январынан тарта монтаждык жана жөндөө-ишке киргизүү иштерди аткаруу үчүн Бишкек шаарынын 10 жол кесилиши үчүн биринчи баскычтын 1-фазасынын жабдуулары толук ташылды, ошондой эле 17 стационардык чекти жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстерди жабдуу үчүн келип түштү. Долбоордун биринчи фазасын жүзөгө ашырып баштоого бардык тиешелүү уруксат кагаздары алынган жана буга катар кийинки фазаларга уруксат кагаздарын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле белги салуу жана жол белгилерин жаңылоо иштери жүрүүдө», - деп билдирди Бакыт Шаршембиев.

Ал белгилегендей, 2019-жылдын 12-февралынан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун 1-фазасынын бардык тилкелерин тесттик режимде иштетүү пландаштырылууда.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, мамлекеттик органдар «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө дыкат даярдык жасоону камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш.

«Жакын арада бардык уюштуруу-техникалык иштер аяктап, бардык зарыл инфраструктура даярдалышы керек, айыппулдарды башкаруу механизмдерин так иштеп чыгуу зарыл. Мамлекеттик органдар, почта кызматтары, банктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, автоинспекторлор жана унаа ээлеринин ортосундагы өз ара аракеттешүү механизмдерин, алардын ролун жана жоопкерчилигин иштеп чыгуу кажет», - деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр долбоорду ишке киргизүүгө жана жол кыймылынын эрежелерин бузууларды күнүмдүк каттоо тутумунун ишинин башталышы үчүн жарандар бузуулар кантип катталарын, айыппулдар жөнүндө эскертүүлөр кандай жөнөтүлөрүн жана аларды төлөө сервиси кандай иштей турганын билиши керек.

«Бул үчүн түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүп жана коомчулукту жаңы киргизүүлөр тууралуу маалымдоо зарыл. Бул биздин өлкө үчүн абдан зарыл жана маанилүү долбоор, ал тартип орнотуп жана жолдордо коопсуздукту камсыздоону шарттайт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине долбоорду ишке берүүгө тыкыр даярдык көрүүмаселесине тийиштүү бир катар тапшырмаларды берди.

Эскертсек, Долбоорду ишке ашыруу 4 баскычка бөлүнгөн, ага ылайык, Бишкектеги 38 кесилишке фото- жана видеожабдуу жана 4 стационардык чектик АПК орнотулат, анын ичинде Чүй облусу боюнча 48 стационардык чектик АПК жана 20 көчмө чектик АПКны орнотуу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий