• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Абылгазиев: Корея биз үчүн Азиядагы кыйла жакын өнөктөштөрүбүздүн бири

Өкмөт 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Корея Республикасы Кыргыз Республикасы үчүн Азия аймагындагы кыйла жакын өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында Бишкек шаарында өткөн кыргыз-корей бизнес-форумунда айтты.

Ал эске салгандай, 2018-жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 30 млн АКШ долларын түзгөн.

«Менин оюмча, эки өлкө тең өзүбүздүн потенциалыбызды толук пайдалана албай жатабыз деп ойлойм. Кыргыз-корей соода-экономикалык өз ара карым-катнаштарыбызды жакшыртууга бизде бардык жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында Корея капиталы менен кызматташкан 976 ишкана бар. Анын ичинен 352си – биргелешкен ишкана болуп саналат. Ар бир өлкө үчүн эле чет элдик инвестициялар – ошол мамлекетти алдыга жылдыруучу локомотив. Бул көз караштан алганда, урматтуу Премьер-министр мырза, Сиздин бизнес форумга жеке өзүңүздүн катышып жаткандыгыңыз – эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы өз ара ишенимди жогорулатат», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, корей бизнеси жогорку технологиялык өндүрүштү колдонуу боюнча дүйнөдө алдынкы болуп саналат.

«Муну эске алуу менен биз Корея инвесторлоруна биздин республиканы инвестиция сала турган артыкчылыктуу багыттардын бири катарында көңүл бурууңуздарды сунуш кылат элек. Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүк республикада өндүрүлгөн товарлардын Евразия экономикалык биримдиктин аймагында эч тоскоолдуксуз жылып жүрүшүнө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары биз ВСП+ статусуна ээбиз, бул 6 миңден ашык товардын түрүн бажы төлөмдөрүсүз Европа биримдигине экспорттоого толук укук берет. Ошондуктан Корея инвесторлорун биздин ишкерлер менен тыгыз кызматташууга чакырып кетет элем», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, бүгүн республикада бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, мамлекеттин инвестициялык жагымдуулугун өркүндөтүү жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча көп иштер жасалды.

«Биздин өлкөдө аймактар үчүн эң бир либералдуу салыктык режимдер киргизилген. Пайда салыгы жана киреше салыгы болгону – 10%ды түзөт, кошумча нарк салыгы – 12%. Айрым райондорунда ишкердик субъекттер салыктын 4 түрүнөн бошотулган: сатуудан алынган салык, пайдадан алынуучу салык, жер салыгынан жана кыймылсыз мүлк салыгынан 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө салыктан бошотулган. Ошондой эле салыктан бошотуу жагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жана логистикалык борборлорго да каралган. Мындан тышкары технологиялык жабдуулардын импорту бажы төлөмдөрүнөн алынып салынган, ал эми жаңы ачылган ишканаларга үч жылга чейин текшерүүлөр болбойт», – деп баса белгиледи ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө либералдуу валюталык режим иштей турганына, ал капиталдын жана акча каражаттарынын эч кандай тоскоолдуксуз жылып жүрүшүнө мүмкүндүк берерине өзгөчө көңүл бурдурду.

«Кыргыз Республикасында экологиялык жактан таптаза продукцияларды өндүрүүгө жана экспорттоого абдан чоң эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр бар. Алардын баары Корея мамлекетинин рынокторунан өзүнүн керектөөчүлөрүн бат эле таба алат. Ошону менен бирге кызматташуубуздун көбүрөөк пайдалуу жана жемиштүү болушу үчүн биз өз ара соода-сатык иштерин жүргүзүүдө тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды кыскартуунун үстүндө иш алып барышыбыз керек», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында аймактарды өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу, инсандардын электрондук күбөлүктөр системасын түзүү, ошондой эле айыл чарбасы жана саламаттык сактоо жаатындагы долбоорлорду жылдыруу артыкчылыктуу багыттар болуп саналат.

«Буга байланыштуу биз Кореянын аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана жашыл экономика жаатындагы ийгиликтүү тажрыйбасын үйрөнүүгө абдан кызыкдарбыз. «Менин айылым» кыймылынын тийгизген таасирин бүтүндөй Түштүк Кореянын өнүгүүсүндө өтө олуттуу таяныч болгонун айрыкча белгилеп кетким келет. Бүгүн эки өлкөнүн бизнес коомчулуктарынын ортосунда активдүү сүйлөшүүлөр жүрөт деп ойлойм. Алардын натыйжасында жакынкы келечекте өз ара пайдалуу келишимдерге сөзсүз жетебиз деп ишенем», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз кезегинде Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилеп, корея тарап эки өлкөнүн ортосунда товар алмашууну көбөйтүү боюнча активдүү иштөөгө, өз ара пайдалууну кызматташууну улантып жана мындан ары карай өнүктүрүүгө даярдыгын баса көрсөттү.

Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары бизнес-форумдун алдында атамекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларынын көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий