• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Те Ёк менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Те Ёк менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Кореянын ортосундагы кызматташуу маселелери, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда өз ара аракеттешүү келечектери талкууланды.

Кыргызстанда түзүлгөн бизнес жүргүзүүнүн ыңгайлуу шарттарын, Евразия мейкиндигинде экономикалык интеграция процесстеринде катышуусуна байланыштуу өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана Европа биримдиги тарабынан сунушталган ВСП+ артыкчылыктарын эске алуу менен соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык тармактарда кыргыз-корей кызматташуусун активдештирүүгө эки жактуу кызыкдарлык баса белгиленди.

Ха Те Ёк белгилегендей, Корея, анын ичинде Корея эл аралык кызматташтык агенттиги Кыргызстандын аймактарында өкмөт тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында экономикалык натыйжалуу долбоорлорду колдоого багытталган, алар өлкөнүн экспорттук потенциалын бекемдөөнү шарттайт.

Ал ошондой эле кыргыз экономикасынын кыйла жагымдуу тармактарына корей инвестицияларын тартуу үчүн бардык күчтөрдү жумшоого даярдыктарына ишендирди.

Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандагы Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы (KOICA) О Донгиль катышты.

Пикир

Оставить комментарий