• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев коронавируска байланыштуу кризиске каршы иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын экономикалык кырдаалга тийгизген таасирин азайтууга багытталган кризиске каршы иш-чаралардын планын даярдоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы планга кыска жана узак мөөнөттү иш-чаралардын тизмеги камтылышы керектигин баса белгиледи

«Өкмөттүн алдындагы артыкчылыктуу милдеттер түшүнүктүү. Биз керектүү товарлардын жетишсиздигине жана алардын наркынын негизсиз жогорулашына жеткирбөө үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Экинчи блок – бул бюджетти коргоо. Коронавирус инфекциясынан улам аргасыз иш-чараларга байланыштуу кирешенин мүмкүн болуп турган төмөндөөсүн жабуу үчүн иш-аракеттердин бардык алгоритмин караштырып чыгышыбыз зарыл. Кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет жарандардын алдындагы бардык социалдык жана башка милдеттерин толук кандуу, бардык багыттар боюнча аткарышы керек. Бул үчүн чыгашаларды оптимизациялоо боюнча иш-чаралар каралышы кажет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле ата мекендик бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен планда реалдуу картина дагы чагылдырылышы керектигин белгиледи.

«Мамлекеттик органдар чыккан маселелерди чечүүнүн натыйжалуу жолун биргеликте караштыруу үчүн бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн жигердүү түрдө кошуусу керек. Кризиске каршы натыйжалуу чараларды кабыл алуу жана колдо бар ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу максатында эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз жана макулдашылган иштер камсыз кылынышы шарт. Айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен ыкчам түрдө кризиске каршы иш-чаралардын планын иштеп чыгуу, ошондой эле азык-түлүк базарларындагы жана чекене соода түйүндөрүндөгү баага мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү тапшырмасын берем», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө кырдаалга кылдат анализ жүргүзүү жана бизнести колдоонун комплекстүү чараларын жүзөгө ашыруу, ошондой эле келип чыга турган тобокелдиктерди жана маселелер менен катар эле, ата мекендик ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү караштырууну сунуш кылган.

Пикир

Оставить комментарий