• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Коррупция мамлекеттик органдардан чыгууда. Ошондуктан санариптештирүү керек

Коом 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Санариптештирүү аркылуу гана жаран жана мамлекеттик кызматкердин ортосундагы коррупциялык байланышты жогото алабыз. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингге ылайык, Кыргызстан өзүнүн позициясын жакшыртып, 6 сапка көтөрүлгөн.

"Биз бүгүн көп маселени карадык. Анын ар бирине токтолбоюн. Бир нерсени гана айтайын – коррупциялык схемалар мамлекеттик органдардан чыгууда. Кайсы бир маалымкат, лицензия берүүдө ж.б. коррупция болууда. Санариптештирүү аркылуу гана жаран жана мамлекеттик кызматкердин ортосундагы коррупциялык байланышты жогото алабыз. Бул жол менен гана коррупция менен күрөшө алабыз". - деди ал.

Ошондой эле ал, жер казыналарын пайдалануу жана энергетика тармагында да түшүнүксүз схемалар бар экенин жана аларды чечүү керектигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий