• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: «Кошой» заводун ишке киргизүү республиканы кумшекер менен толук камсыздоону шарттады

Өкмөт 0

Бишкек, 29.09.18. /Кабар/ Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сокулук
районундагы «Кошой» кант заводуна барды. Сырьенун жоктугунан узак убакытка токтоп турган соң, завод модернизацияланып жана өткөн жылы ишке киргизилген, бул 800гө жакын адамды жумуш орду менен камсыздады. Буга чейин Чүй облусунда жалгыз кант заводу болгон «Кайыңды-Кант» жүктөмдү
аткара албай, өстүрүлгөн кызылчаны натыйжалуу жана дыйкандарга пайдалуу түрдө сатып ала албай калган. «Кошой» заводун ишке киргизүү Кыргыз Республикасы өзүн кумшекер менен толук камсыздай алуусуна жетишүүнү шарттады.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу - суткасына 3000 тонна, ал эми жылына 400 000 тоннага чейин кызылчаны кайра иштетип, 50 000 тонна кумшекер өндүрө алат. Ошондой эле завод жылына 120 000 тоннага чейин толук иштетилбеген кумшекерди чыгара алат. Өкмөт башчы заводдун өндүрүштүк аянтчаларын көрүп чыкты жана андан аркы кайра иштетүү үчүн сырьену кабыл алуу процесси менен таанышты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт атамекендик кайра иштетүүчүлөргө колдоо көрсөтөт, бирок алар да өз кезегинде дыйкандар өстүргөн продукцияны пайдалуу баада сатуусу жана ошондой эле күтүлгөн киреше алуусу үчүн кам көрүүгө тийиш.

«Түшүм жыйноо мезгилинде кызылчанын баасын таптакыр арзандатууга болбойт. Өкмөт эле эмес, кайра өндүрүүчүлөр катары силер дагы сырье жана иш менен камсыз кылып жаткан биздин фермерлер жана дыйкандар тууралуу ойлоого тийишсиздер», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, быйыл Өкмөт бардык баскычтарда сырье менен акыркы товарга негиздүү жана акыйкат баа болушу үчүн кант тармагында бааны түзүү маселесин көзөмөлгө алат. Премьер-министр Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана башка кызыкдар мамлекеттик органдарга тийиштүү сунуштарды даярдап чыгууну жана жакынкы мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий