• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: КР ЕАЭБдеги биринчи күндөн тартып санариптик интеграция тармагында активдүү иш алып барууда

Өкмөт 0

Бишкек, 01.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине кошулган күндөн тартып (ЕАЭБ) санариптик интеграция тармагында активдүү иш алып барууда. Бул тууралуу ал Алматы шаарында өтүп жаткан "Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0" форумунда билдирди.

Өкмөт башчысы казак тарапты жылуу кабыл алгандыгы жана форумду мыкты уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү иш-чара санариптик трансформациянын келечегин жана негизги багыттарын талкуулап, пикир алмашууга жакшы мүмкүндүк экенин белгиледи.

Премьер-министр санариптешүүнүн алкагында өлкөдө кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу да айтып өттү.

"Технологиялык стартаптарды өнүктүрүү жана жаңы маалыматтык технологияларды өздөштүрүү максатында "Санариптик Кыргызстан" аттуу беш жылдык Концепция кабыл алынган", - деди Абылгазиев.

Ал билдиргендей, Концепция мамлекеттик кызматтарды толугу менен электрондук форматка, калктын санариптик билимин жогорулатууга, ошондой эле экономиканын санариптик трансформациясы аркылуу калктын жашоо шартын жакшыртууга алып келиши керек.

Анын айтымында, санариптешүү чөйрөсүндө ЕАЭБдин ички жана тышкы соода жүргүзүү тармагында чоң жумуш аткарылган.

"Бүгүнкү күндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен реалдуу убакыт форматында КРнын бир нече мамлекеттик органдары интеграциялык шлюзунун жардамы менен маалымат алмашуу жүргүзүүдө", - деп белгиледи ал.

Премьер баса белгилегендей, Кыргызстан Биримдиктин Санариптик күн тартибинин келечегин ишке ашырууга ативдүү катышууда. Кыргыз бизнес өкүлдөрү тарабынан бир нече демилгелер берилген.

Алар:

• ЕАЭБ өлкөлөрүнүн электрондук соода жайларынын интеграциясы;

• Кредиттик рейтингдин бирдиктүү платформасын түзүү жана насыя таржымалы боюнча маалыматтар менен алмашуу.

"Ушундай иш-чаралар санариптик интеграциянын өнүгүүсүнө чоң түрткү берет деп ишенем", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий