• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Абылгазиев: Кризиске каршы план реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачууга тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Кризиске каршы план реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү чагылдырууга жана мүмкүн болушунча натыйжалуу болууга тийиш. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы башында эле бюджетке болжол менен 30 миллиард сомдой түшпөй калары болжолдонгонун айтты.

«Буга байланыштуу эл аралык институттар жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү демилгеленген. Бүгүнкү күндө 456 млн доллар көлөмүндө колдоо көрсөтүү жөнүндө макулдашууларга жетишилди. Бул Эл аралык валюта фондунун (19,6 млрд сом), Азия өнүктүрүү банкынын (4,1 млрд сом), Евразия өнүктүрүү банкынын (8,2 млрд), Евросоюздун (1,2 млрд сом) жана башка институттардын каражаттары», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бизнести колдоого 14 млрд сомдун булагы табылды, бирок анын пикиринде бул каражаттар жетишсиз жана сумма эки эсеге көбөйтүлүшү керек.

«Биздин өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр уланууда, ички резервдерди дагы мобилдештирүү үчүн бюджеттин чыгымдары кыскартылууда. Антикризистик бюджетте так сандар чагылдырылат. Өкмөттүн планы бизнес-коомчулуктун жана ишкерлердин сунуштарын өзүнө камтууга тийиш. Биз бизнестин мүмкүндүктөрүн эске алышыбыз керек. Түзүлгөн кырдаал бир гана Өкмөттүн көтөргөн жүгү эмес экендигин түшүнүү кажет. Бардык сунуштар бизнес-коомчулук жана парламент менен ачык талкууланат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр муктаждарга жардам берүү боюнча иштер улантылып жатканын, базарларда күнүмдүк керектелүүчү товарлар жетиштүү экенин, бардык социалдык милдеттенмелер өз учурунда жана толук көлөмдө төлөнүп жатканын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий