• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев: Курулуш тармагынын өсүүсү инфраструктуралык өнүгүүгө олуттуу таасир этет

Өкмөт 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Курулуш тармагынын өсүүсү өлкөнүн инфраструктуралык жактан өнүгүүсүнө олуттуу таасир этет. Бүгүн кабыл алынган 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясы максаттарга жетүүгө жакшы таасир этет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев курулуш тармагын өнүктүрүү боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

«Курулуш тармагы өзүнүн динамикалуу өнүгүүсүнө карабастан, кемчиликтери да бар. Бишкек шаарынын өзүндө курулуп жаткан объекттерди карап чыгуу керек. Кооз жана сапаттуу салынган имараттар дагы бар экени талашсыз. Бирок алардын баары ар кандай. Мен имараттардын тышкы көрүнүшүн гана эмес, аларды курууда колдонулган материалдарды дагы айтып жатам. Курулуштун бирдиктүү стандарты, деталдуу планы жок. Кайсы жерге кандай кааласа куруп жатышат. Бул негизинен борбор шаарга тийиштүү. Биз бул документти түзүлгөн кырдаалды жакшыртуу максатында кабыл алдык», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кабыл алынган стратегия курулуш тармагындагы уюмдардын жана ишканалардын салыктык базасын көбөйтүп, энергетикалык натыйжалуу жана ресурс сактоочу технологияларды киргизүүгө, имараттарга жана курулуштарга коопсуздук талаптарын жогорулатууга, тармакты квалификациялуу кадрлар менен камсыздоого, курулуш жаатын санариптештирүүгө шарт түзөт.

Жаңы редакцияда архитектуралык-пландоо кызматтарын иштеп чыгууда өрт коопсуздугун көзөмөлдөөчү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана санитардык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашууну жоюу сунушталып, кагаз же электрондук вариантта долбоордук документацияны экспертизага берүү каралган.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтом долбоору кабыл алынды. Тактап айтканда, имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу чөйрөсүндөгү имараттардын энергетикалык сертификаттарына мамлекеттик реестр жүргүзүү жана адистердин квалификациялык сертификациялоо тартиби бекитилди.

Сертификациялоонун максаты – имараттардын энергоресурстарды колдонуусуна мүнөздөмө берүү, энергияны үнөмдөөдөгү дараметин аныктоо жана имараттардын кожоюндарына энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды берүү.

«Бүгүнкү күнү кабыл алынган мамлекеттик программаларда жана өнүгүү концепцияларында курулуш маанилүү роль ойнойт. Өлкө ИДПсында курулуш чөйрөсүнүн үлүшү 29%. Курулуш тармагы аркылуу өнүгүп жактан аралаш чөйрөлөрдү эске алганда бул көрсөткүчтөр мындан да жогору болот. Мультипликативдүү натыйжа жүрүүдө. Биз мезгилден артта калбай, ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу менен курулуш тармагын өнүктүрүү жолунда жүрүшүбүз керек», - деди Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий