• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев «Кварц компани» компаниясынын ишмердиги менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 05.08.18. /Кабар/ Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Таш-Көмүр шаарындагы кремнийди кайра иштетүүчү «Кварц компани» компаниясынын ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миң тонна даяр продукцияны түзөт. Учурда заводдун курулушу финансы каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу 75% гана аяктаган. Ишкананы толук ишке киргизүү үчүн 1,5 млн АКШ доллары зарыл.

Өкмөт башчы ишканага насыялык жардам көрсөтүүгө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

«Мен бул маселе боюнча тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүүгө даярмын. Жакын арада толук кубаттуулукта ишке кирүү үчүн ишканага аракеттешүү зарыл», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий