• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалды чечүү үчүн зарыл чараларды кабыл алууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Казак тараптын Кыргыз Республикасы менен Казак Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана жүктөрдү алып өтүүдөгү кошумча текшерүүлөрдү киргизүүсү Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) нормаларына каршы келет.

Белгилей кетсек, Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга товарларды ташууда тараптар Кыргыз-Казак Өкмөттөр аралык 8-кеңешинде жүк ташуучулардын кызыкчылыгында Казакстан Республикасынын аймагы боюнча товарларды тоскоолдуксуз ташуу үчүн навигациялык пломбаларды киргизүү жолу менен жүктөрдү текшерүүнү камсыздоо механизмин иштеп чыгууга макулдашышкан. Бирок товарларды көзөмөлдөөнүн бул эки тараптуу чаралары тараптар аны колдонуу механизмдерин так сактаган мезгилде гана мааниге ээ.

Казак тараптын бир тараптуу кабыл алган чечиминен улам Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ак-Тилек автожол» өткөрүү пунктунун жанында оор жүк ташуучу автомобилдер топтолуп калууда.

Бул жагдайга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, Казакстанды интеграциялык бирликтин алкагында товарларды эркин өткөрүү боюнча кабыл алынган милдеттемелерди аткарууга чакырат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев түзүлгөн жагдайга байланыштуу мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги кырдаалды чечүү үчүн Казакстан Республикасынын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө келип чыккан кесепеттерди азайтуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү пайда болгон суроолор боюнча ыкчам түрдө ачык жана конструктивдүү макулдашууну колдойт.

Пикир

Оставить комментарий