• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: Кыргыз тилинин тарыхы бай жана сөз байлыгы кенен

Өкмөт 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлерин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынганына 30 жыл толушу менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, эне тилге көңүл бурбасак жана аны сүйбөсөк, кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү мүмкүн эмес.

«Өлкөдө кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталган бардык механизмдер иштөөсү зарыл. Биринчиден, санариптештирүү иштеринин алкагында, Интернет мейкиндигинде кыргыз тилин колдонууну күчөтүү жана кыргыз тилин компьютердик программаларга киргизүү боюнча күч-аракеттерди колдоо зарыл. Экинчиден, кыргыз тилин илим жана билим берүүнүн тилине айлантуу баштапкы стратегиялык милдеттердин бири болуп саналат. Ал үчүн бардык тиешелүү тараптардын талыкпаган жана жооптуу иши талап кылынат.

Үчүнчүдөн, эне тилин үйрөнүү эрте курактан башталышы кажет. Бул үчүн балдардын тилди үйрөнүүгө каалоосун ойгото турган китептерди жана сүрөттүү китепчелерди, электрондук оюндарды жана тиркемелерди чыгаруу иштерин арттыруу абзел», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, учурда ааламдашуунун алкагында бара-бара эки тилдүү чөйрөнүн ордун басып келе жаткан көп тил билген муундун өсүүсү байкалууда.

«Кыргыз тилинин тарыхы бай жана сөз байлыгы кенен, ал мындан ары карай дагы өнүгүп, өркүндөй берет. Биздин милдетибиз – эне тилибизди көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү. Ал үчүн ар бир жаран мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө салым кошууну өзүнөн баштоого тийиш», – деп кошумчалады Өкмөт башчы.

Иш-чаранын соңунда Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлерине кыргыз тилиндеги китептерди, сөздүктөрдү жана окуу-усулдук куралдарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий