• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Абылгазиев «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбековду кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 10-майда, «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбековду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, тоо-кен өндүрүү тармагы, тактап айтканда, алтын өндүрүү тармагы атамекендик экономиканын стратегиялык сектору катары саналат.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, андагы өтүп жаткан бардык процесстердин максималдуу түрдө ачыктыгын камсыздоо зарыл, анткени, өлкө жарандарында көп учурда ар-кандай суроолор жаралууда.

Премьер-министр тигил, же бул пайдалуу кендерди иштетүүгө даярдык көрүүдө жергиликтүү калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Өкмөт башчынын айтымында, аталган процесстин ачыктыгын камсыздоо өлкөнүн инвестициялык беделин чыңдоого өбөлгө түзөт.

«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков Өкмөт башчыга уюмдун учурдагы иши тууралуу маалымат берди. 2017-жыл жыйынтыгы боюнча, Centerra Gold Ink. дивиденддеринен тышкары, «Кыргызалтын» ААК жалпы кирешеси 99,5 миллион сомду түздү. Республикалык бюджетке салык жана чегерүүлөр түрүндө 161 млн сомдон ашуун каражат которулган. Бюджетке жалпы төлөмдөр 536 миллион сомдон ашуун сумманы түздү.

Алмаз Алимбековдун айтымында, 2017-жылы үч жыл аралыгында алгач ирет «Солтон Сары» кени чыгашалуу разряддан кирешелүү разряд катарына кирип, анын кирешеси 21 млн сомду түздү.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков инвестицияларды тартууга муктаж Макмал алтын кенинин абалы жана келечеги тууралуу айтып берди.

Ал маалымдагандай, кендеги негизги көйгөй катары андагы запастардын түгөнүүсүнө байланыштуу кендин автоматтык түрдө жабылуусу саналат. Учурда «Макмалалтын» кени — бул биринчи кезекте Тогуз-Торо районунун бюджетин 95% камсыздаган жана 1000 ашуун жумушчу ордун түзгөн социалдык объект болуп саналат.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Макмалалтын» кенинин социалдык багытын эске алуу менен анын ишин узартуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана «Кыргызалтын» ААК жетекчилигине ыкчам тартипте «Макмалалтын» кенинин мындан аркы иши тууралуу сунуш киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий