• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев Кыргызстан-Казакстан Өкмөттөр аралык жыйынына катышат

Өкмөт 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 16-17-августунда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтө турган Кыргызстан-Казакстан Өкмөттөр аралык жыйынына катышат.

Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну мындан аркы тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери каралат. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколуна жана бир катар эки жактуу келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиевдин Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бахытжан Сагинтаев менен жолугушуусу пландаштырылган.

Ошону менен бирге Өкмөт башчы Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен биргеликте Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу салтанатына катышат.

Пикир

Оставить комментарий