• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: КР менен Казакстандын ортосунда ишеним жана өз ара түшүнүү бар

Саясат 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эки тараптуу кызматташтыктагы актуалдуу маселелер боюнча ишеним жана өз ара түшүнүү бар. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Казакстан менен болгон стратегиялык мамилелерди чыңдоо, Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет.

«Эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүү, достук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча так тапшырма коюлган. Бүгүнкү жыйын – кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк жана биздин өз ара байланыштарыбыздын бир катар келечектүү багыттары боюнча макулдашууларга жетишүү максатын көздөйт», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр тар чөйрөдө бир катар маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча түшүнүк бар экенин билдирди.

«Анда негизги маселелер соода-экономикалык, транспорттук байланыштарды күчөтүү, инвестиция жана башка тармактарда алаканы өркүндөтүү болду. Биз жүк ташуу анын ичинде Казакстан аркылуу үчүнчү мамлекеттерге кетип жаткан жүктөрдү өткөрүү жол-жолболорун жеңилдетүү маселесин талкууладык. Мындан тышкары «Каркыра-автожол» көзөмөл-өткөрүү бекетинен оор жүк ташуучу унаалар менен товарларды өткөрүү макулдашылды. Ошону менен бирге 2020-жылы Талас обулусундагы «Кичи-Капка» бекетин ачылмай болду. Муну менен катар «Чолпон-Ата – Алматы» жолун куруу, Аспара дарыясы менен Чүй-2 айланма каналында суу сактагычын салуу боюнча инфраструктарылык долбоорлор да талкууланды», – деди Премьер-министр.

«Казакстан биздин негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүбүздүн бири. Кыргызстандын товар айлануусунда Казастан 11,2% ээлейт, анын ичинде экспортто – 14%. 2019-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстан менен Казакстандын соода алмашуусу 284 млн долларды түзүп, 2018-жылдын ушу мөөнөтүнө салыштырмалуу 12,7% өсүп, анын ичинде экспорт 95 млн долларды (өсүш 6,1%), импорт – 188,6 млн долларды (өсүш 5,7%) түздү», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Кыргызстанда экологиялык жактан таза продукциянын өндүрүүгө жана экспорттого жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар экенини баса белгилеп, эки тараптуу өндүрүш-техникалык, чийки зат, керектөөчү товарларды, азык-түлүк, химия жана жабдуулар жаатында соода-сатыкты өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзүүгө даярдыгын билдирди.

«Кыргызстан республиканын аймагында биргелешкен ишканаларды түзүүгө, айыл-чарба жана мал чарбачылык продукцияны башка өлкөлөргө экспорттогон ишканаларды ачууга кызыкдар. Мындан тышкары, отун-энергетикалык комплексти өркүндөтүү максатында, Казакстандан Кыргызстанга нефть жана күйүүчү майды ташуу боюнча маселелерди чечүүгө кызыкдарбыз. Казакстанда ички процедуралар бүткөн соң бул маселе боюнча документке кол коюлат деп ишенем», – деди Өкмөт башчы.

Өз учурунда Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин бүгүнкү күн тартибинин мазмундуулугуна көңүл буруп, кабыл алынган чечимдер эки тараптын кызматташуусуна чоң салымын кошорун билдирди.

Аскар Мамин Казакстан эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты өркүндөтүү, андан тышкары башка маселелер боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий