• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Кыргызстанда 10 миң адамга коронавирус жуктурган 1 адам туура келет

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 10 миң адамга коронавирус жуктурган 1 адам туура келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ал, бир эл аралык уюм дүйнөдөгү мамлекеттердин ичинде 10 миң адамга коронавирус жуктурган канча адам туура келерин эсептеп чыкканын айтып, ал эсептөөлөрдө айтылган маалыматтарды айтып өттү.

"Түркияда 10 миң адамга 15 адам туура келет, Швеция менен Германияда – 19, АКШда – 35, Италияда – 35, Испанияда – 50 киши туш келип жатат. Биздин өнөктөш мамлекеттер боюнча айтсак, Казакстан менен Азербайжанда – 2 адам, Украинада – 3, Арменияда – 7, Россияда – 7. Өзбекстан менен Кыргызстанда 1 адам туура келүүдө. Азыркы абалды мындан начарлатпай, жакшы кармап, оору менен чогуу күрөшүшүбүз керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий