• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 31.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Урматтуу мекендештер,

Баарыңыздарды чын жүрөктөн Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү – майрамыңыздар менен куттуктайм.

28 жылдын ичинде биз биргеликте тарыхый ченемдер менен алганда узак жолду басып өттүк. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, мамлекеттүүлүк институттарын сактап жана чыңдап, дүйнөлүк аренада татыктуу орунга ээ болдук.

Алдыбызда чече турган маселелер көп. Ошону менен бирге жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу, калкка мамлекеттик, медициналык жана билим берүү кызматтарын сапаттуу көрсөтүү, атамекендик экономиканы жана аймактарды өнүктүрүү, чек аралык кызматташтыктарды бекемдөө боюнча олуттуу иштер турат.

Бул милдеттердин баарын биримдикте гана, бийлик менен элдин ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү орнотуу жолу менен чечүүгө болот. Биздин жалпы күч-аракетибиз аркылуу Кыргыз Республикасы гүлдөгөн, динамикалуу өнүккөн мамлекет болот деп ишенем. Мында ар бир жаран кесиптик жана жеке чөйрөдө ийгиликке жетише алат.

Бардык мекендештерибизге ден соолук, бакубат жашоо жана иштерине ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасына тынчтык, гүлдөп-өсүү жана өнүгүүнү каалайм», – деп айтылат куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий