• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Абылгазиев Кыргызстандын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери катышып, алар тейлеген чөйрөлөрүн өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүү боюнча келечектүү долбоорлор тууралуу бет ачар сунушташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы баса белгилегендей, 2018-жыл биздин өлкө үчүн оңой жыл болгон жок, өлкөдө коомдук-саясий кырдаалды турукташтырууга жана Кыргызстандын эл аралык мейкиндиктеги кадыр-баркын чыңдоого багытталган маанилүү окуялар көп болду.

«Бүгүн биздин алдыбызда көптөгөн маанилүү пландар жана милдеттер турат, аларды жүзөгө ашыруу зарыл. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, акыркы жылдары оор глобалдык экономикалык процесстер жүрүүдө, алар биринчи кезекте дүйнөлүк валюталардын алмашуу курсуна, мунайзатка болгон баалардын туруксуздугуна, санкциялык саясат кесепеттерине, инвестициялардын дүйнөлүк агымынын кыскарышына байланыштуу», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, бул шарттарда Өкмөт макроэкономикалык туруктуулукту сактоо боюнча таасирдүү чараларды көрдү жана жарандардын алдындагы бардык социалдык милдеттемелерин өз убагында жана толук көлөмдө аткарды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн тышкы экономикалык ишмердигиндеги ишке тутумдуу мамиле жасалган артыкчылыктарына Элчилердин көңүлүн бурдурду.

«Биринчи кезекте бул инвестицияларды тартып келүү маселеси. Өкмөт инвестициялык климатты жана бизнес чөйрөнү жакшыртуумаксатында чараларды көрүүдө. Ишкердикти текшерүү жүргүзүүгө 2 жылга мораторий киргизилди, Бизнес-омбудсмен институтун түзүлдү, инвесторлор үчүн “Бирдиктүү терезе” ачылды, Туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун даярдоо фондунун иши башталды», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле атамекендик продукцияларды экспорттоо, туризмди өнүктүрүү жана Кыргызстандын дүйнөлүк мейкиндиктеги кадыр-баркын илгерилетүү маселелерине токтолду.

Мындан тышкары Премьер-министр жолугушуунун катышуучуларынын көңүлүн чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселесине бурдурду.

«Мындан кийин элчиликтердин жумушуна Өкмөт тарабынан конкреттүү критерийлер боюнча баа берилет, бул биринчи кезекте тартылып келинген инвестициялардын жана туристтердин санына, атамекендик продукциялардын экспорт көлөмүнө жана жарандарыбыздын укуктарын коргоо дэңгээлине байланыштуу. Ошондуктан сиздерди кыйла жоопкерчиликтүү жана активдүү иштөөгө чакырам», - деди ал.

Ошону менен бирге Премьер-министр белгилегендей, өкмөттөр аралык комиссиялардын катчылыктарынын милдеттерин өкмөттөр аралык макулдашууларды кыйла натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берүү зарыл.

Ошондой эле ал «ачык асманды» киргизүүнү эске алуу менен аба каттамдарын ачуу иштерин активдүү аткаруунун маанилүүлүгүн көрсөттү.

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн башчыларына сөз берип, жолугушууну ачык талкуу түрүндө өткөрүүнү сунуштады.

Элчилер өз сөздөрүндө белгилешкендей, бүгүнкү күнү көптөгөн чет элдик инвесторлор жергиликтүү рынокко кирүүгө жана Кыргызстан ишмердиктерин жүргүзүүгө кызыкдар. Анын үстүнө өлкөнүн жакынкы чет өлкөлөргө, ЕАЭБ жана Европа өлкөлөрүнө экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар, бул интеграциялык процесстерге катышуу жана Европа бирлиги тарабынан берилген жеңилдиктердин «ВСП+» макамы аркылуу мүмкүн болуп саналат.

Чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдүн башчылары белгилешкендей, эл аралык майданда өлкөнүн имиджин бекемдөө жана улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү үчүн сапаттуу долбоорлор зарыл, аларды инвестицияларды тартууда колдонууга болот. Муну менен бирге соода-экономикалык кызматташууну чыңдоо жана товар жүгүртүүдө Кыргызстандын экспорттук үлүшүн көбөйтүү, туризм тармагын өнүктүрүү маанилүү, бул аркылуу дүйнө коомчулугуна кыргыз элинин тарыхы, өзгөчө жана кайталангыс жаратылышы тууралуу айтып берүү мүмкүнчүлүгү бар.

Маектешүүнүн жүрүшүндө алар ошондой эле алдыдагы жылдарга карата пландары жана артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып беришип, Премьер-министр тарабынан белгиленген бир катар тышкы саясий маселелерге тутумдуу мамиле кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий