• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Кыргызстандын Өкмөтү ЕККУ менен кызматташтыкты жогору баалайт

Өкмөт 0

Бишкек,22.05.18./Кабар/. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЕККУ менен кызматташтыкты жогору баалайт», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 22-майда, ЕККУ Баш катчысы Томас Гремингер менен жолугушуунун жүрүшүндө. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Сиздин сапарыңыз биздин республика жана ЕККУ ортосундагы байланыштарды мындан ары карай чыңдоого өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирем. Үстүбүздөгү 2018-жылы Кыргыз Республикасында ЕККУ алгачкы миссиясы негизделгендигине туура 20 жыл толгондугу кубандырат», – деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өткөн жылы өлкөдө шайлоочулардын биометрикалык каттоосун пайдалануу менен президенттик шайлоо өткөрүлгөндүгүн, натыйжада, атамекендик тарыхта алгач ирет бийликти тынч жол аркылуу өткөрүп берүү мүмкүндүгү пайда болгондугун эскертип өттү.

«Демократиялык кайра түзүүлөр жана социалдык-экономикалык өнүгүү менен коштолгон процесстерде биз ар дайым Сиздердин колдоону сезип турабыз. Биз ЕККУга ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруудагы көмөгү жана аракеттешүүсү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы мындан аркы кызматташуу жаңы программалык долбоорлорду ишке ашыруу менен толукталаарына ишенем. Бүгүнкү күнү өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө жана мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул маселеде биз сиздердин колдоо көрсөтүүңүздөргө ишенебиз», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

ЕККУ Баш катчысы Томас Гремингер миссиянын ишмердиги жылдары уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын өкмөттүк түзүмдөрү менен иштешүүнүн конструктивдүү үлгүсү түзүлгөндүгүн белгиледи.

«ЕККУ кыргыз тараптын парламенттик демократия жолун тандоо чечимин жогору баалайт. Өз тарабынан ЕККУ республикага парламентаризмди жана демократиялык институттарды бекемдөөдө мындан ары да колдоо көрсөтөт», - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үстүбүздөгү жылдын күзүндө Кыргыз Республикасында алгач ирет ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын жыйыны өтөөрүн, ага даярдык жогорку деңгээлде жүрүп жатканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий