• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Кыргызстанга келген ар бир турист – потенциалдуу инвестор

Өкмөт 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. Кыргызстанга келген ар бир турист – потенциалдуу инвестор. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында өкмөттүн 2018-жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Өкмөт башчы өкмөт туризмди өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бөлөт, деп билдирди.

“2018-жылы Кыргызстанга 7 млн. жакын турист келген (2017 – 4,6 млн), туризмдеги ИДПнын көлөмү 5%ды түзүп, 25 млрд сомго жетти”, - деп билдирди ал.

Туристтердин агымынын көбөйүшүнүн эффекти экономика үчүн өтө салмактуу:

- салыктык төлөмдөр 107 млн сомду түздү (2017-95 млн сом);

- туризмдин негизги капиталга инвестициялар 25,6 млрд сомду (2017-22,8 млрд сом); чекене соода-сатыктын жүгүрүшү 23,4 млрд сомду түздү (2017-21,7 млрд сом);

- Өкмөт тарабынан 2023-жылга чейин туризмди өнүктүрүү программасы менен иш-чаралар планы бекитилди.

- “Кыргыз туризм” мамлекеттик мекемеси түзүлүп, ишке кирди.

"Дагы маанилүү окуялардын бири – Кыргызстан “Ачык асман” саясатын кабыл алдык. Бул биздин экономикабыздын өнүгүүсүнө чоң импульс берет: инвестициялар, туризм, дүйнөлүк рынокторга жол ачылып, соода жүгүртүүбүз көбөйөт", - деп билдирди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий