• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев Кытай Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстан Республикасына иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташуусунун актуалдуу маселелери, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин жаңы мазмун менен толуктоо үчүн кеңири тармактарда келечектүү өз ара аракеттешүү пландары талкууланды.

Анын ичинде, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана КЭР Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцян коопсуздукту камсыздоо жана терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле жолугушууда өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык кызматташуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынан Кытайга экологиялык таза айыл чарба продукцияларын ташууга тийиштүү маселелер талкууга алынды. Мындан тышкары туризм тармагында өз ара аракеттешүүнү активдештирүү боюнча эки жактуу чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий