• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев: Лабораторияларды өркүндөтүү менен продукцияларды тоскоолдуксуз экспорттоону камсыздай алдык

Өкмөт 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине киришинин алкагында ата мекендик лабораторияларды өркүндөтүү менен биз продукциялардын сапатын гана жогорулатпастан, аны тоскоолдуксуз экспорттоону да камсыздай алдык. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын карамагындагы Түндүк аймак боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барганда билдирди, деп кабарлайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

«Лабораторияларды жакшыртуу – биздин эң чоң жетишкендиктерибиздин бири. Лабораториялар заманбап болуп, мында алдынкы жабдуулар орнотулган, тийиштүү окутуудан өткөн адистер иштешет. Бул биздин Евразия экономикалык бирлигине кирип жатканда алдыга койгон максаттарыбызга жетишкенибизди айтып турат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрге 2019-жылдын декабрында ташылып келген жабдуулар комплексин көрсөтүштү. Алсак, Түндүк аймак боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда алты бөлүм бар, алар вирусологиялык, серологиялык, химиялык-токсикологиялык жана башка анализдерди жүргүзүшөт.

«Эки жыл мурда бул лаборатория кандай абалда болгондугу эсибизде. Аны лаборатория деп айтуу кыйын болчу. Азыр таптакыр башка көрүнүш. Кандай өзгөрүүлөр болгонун көрүп туруп, жаш адистер бул жакта иштегенге умтулушат. Ветеринардык тармактын диагностика ыкмаларын жакшыртуу менен биз өлкөбүздө өндүрүлгөн ветеринардык продукциялардын сапатын өстүрө алдык. Керектүү анализди жасатуу үчүн биздин дыйкандар кайда гана чуркашкан жок. Бүгүнкү күнү биздин лабораториялар бардык эл аралык ченемдерге жооп берет», - деп белгиледи премьер-министр.

Муну менен бирге адистер белгилешкендей, жаңы жабдуулар ири сарптоолорду талап кылат. Анткени изилдөөлөр үчүн керек болгон реагенттерди Германиядан тапшырык менен алышат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, эгерде жылына 5 млн жакын сынам изилденсе, 50 млн сом өлчөмүндөгү кошумча каржылоо зарыл.

Өкмөт башчы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын жетекчилигине тиешелүү сунушту Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн кароосуна киргизүүнү тапшырды.

Маалымдама: Түндүк аймак боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору Ош шаарындагы лаборатория сыяктуу эле улуттук макамга ээ. Эки лаборатория тең Евразия экономикалык бирлигинин реестрине киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине киришинин алкагында Россия Федерациясы тарабынан жабдууларды сатып алууга финансы каражаттары бөлүнгөн. Жалпысынан өлкөдө 19 лаборатория бар, алар: 2 улуттук, 4 зоналык жана 13 аймактык ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория.

Пикир

Оставить комментарий