• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Өлкө экономикасынын дээрлик бардык тармактарында көрсөткүчтөрдүн өсүүсү камсыздалды

Экономика 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Өлкө экономикасынын дээрлик бардык тармактарында көрсөткүчтөрдүн өсүүсү камсыздалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Жыйында 2018-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшү жөнүндө маселе каралды.

Өкмөт башчы эскерткендей, 2018-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өтүп, анда Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2018-2040-жылга чейинки Улуттук Стратегиясы каралган.

«Өкмөттүн алдында өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизги багыттары, максаттары жана артыкчылыктуу милдеттери аныкталган. Өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруунун алкагында макроэкономикалык туруктуулукту сактоо, бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты оңдоо, аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын ишке ашыруу, мамлекеттик социалдык милдеттерин толугу менен аткаруу, Өкмөттүн ишинин ачык жана айкындуулугун камсыздоо иштери улантылат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы билдиргендей, 7 айдын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин салыктык киреше бөлүгү 57,2 млрд сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 8,6 млн сомго көп чогулду.

«Мунун натыйжасында биз социалдык төлөмдөрдү өз убагында каржылай алдык. Капиталдык салымдар 2,9 млрд сомго көбөйүп, жалпысынан 5,6 млрд сомду түздү. Учурда 494 объектте курулуш иштери жүрүп жатат, алардын 150сү социалдык жана билим берүү мекемелери болуп саналат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 19 объект бүттү. 1-сентябрга чейин дагы 35 объект ишке берилет», - деп баса белгиледи Премьер-министр.

Ал ошондой эле белгилегендей, экономиканын дээрлик бардык тармактарында көрсөткүчтөрдүн өсүүсү камсыздалды.

«Башкы өнөктөш өлкөлөр менен болгон соода-экономикалык мамилелер жакшырууда. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү 4,7%ды түздү. Экспорттун көлөмү 5,5%га өсүп, же 35,5 млн АКШ долларына көп болду. ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине ата мекендик товарларды экспорттоочу 49 ишкана киргизилди. Буга Президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбековдун Казакстанга, Өзбекстанга, Россияга жана башка мамлекеттерге болгон расмий сапарлары, андагы болгон сүйлөшүүлөр, келишимдер таасирин тийгизди», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөттүн социалдык чөйрөдөгү ишмердигине тийиштүү Премьер-министр белгилегендей, мамлекет өзүнүн милдеттерин өз убагында аткарып келе жатат.

«Бюджеттин корголгон беренелери боюнча 50,7 млрд сомго каржыланды. 2018-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу боюнча каражат бюджетке салынды. Ошондой эле 2018-жылдын 1-октябрынан тартып медицина кызматкерлеринин айрым категориясынын эмгек акысы жогорулатылат», - деди Өкмөт башчы жана республиканын бардык мектептерин интернет менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы жөнүндө маалымдады.

Анын айтымында, жыл аягына чейин калган 693 мектепти глобалдык түйүнгө кошуу кажет.

«Ошентип, республиканын бардык мектептери интернет менен камсыздалат. Мындан тышкары өлкө Өкмөтү учурда максатсыз пайдаланып жаткан 73 бала бакчаны кайтаруу иштерин улантат», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий