• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев өлкө экономикасынын өсүшүндөгү оң динамиканы белгиледи

Өкмөт 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө экономикасынын өсүшүндөгү оң динамиканы белгиледи. Бул тууралуу ал өкмөт үйүндө өтүп жаткан кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Кыргызстанда региондорду көрктөндүрүү боюнча чоң жумуштар жасалууда.

Ошондой эле айрым министрликтердин ишинде алгылыктуу жылыштар болууда, алсак, Салык кызматы былтыркы жылга карата планды 113% аткарган, бажы кызматы 130%га

“Анын үстүнө биздин өлкөгө болгон инвестициянын саны 5% өстү, башка өлкөлөр менен болгон экспорт жогорулады. Мисалга, Россия менен азык-түлүк жана товарларды экспорт кылуу 22 пайызга өстү. Бул өңүттө президент Сооронбай Жээнбеков оң роль ойноду. Анын башка өлкөлөргө болгон иш сапарлары, байланышты түзүүсү эки тараптуу кызматташуунун оң натыйжасын берүүдө”, - деп билдирди өкмөт башчысы.

Пикир

Оставить комментарий