• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев өлкөнүн энергетикалык тармагынын натыйжалуулугун жогорулатууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 28-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ведомство көзөмөлдөгөн тармактардын учурдагы абалы жана келечектүү өнүгүү багыттары талкууланды.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов маалымдагандай, бүгүнкү күндө комитет тарабынан 2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы иштелип чыгууда, анын негизги багыттары катары аймактарды өнүктүрүү, өлкөнүн өнөр жай секторун кластердик өнүктүрүү жана жаңы өндүрүштүк ишканаларды түзүү болуп саналат.

Мындан тышкары, өлкөдө технополистерди негиздөө иштери жүрүүдө, анда өнөр жай ассоциациялары бириктирилип, кошумча жумушчу орундарды түзүүгө жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жана көлөмүн жогорулатууга шарт түзүлөт.

Ошондой эле Уланбек Рыскулов белгилегендей, жалпысынан учурда энергетикалык тармактагы жабдуунун эскириши дээрлик 70-80 % түзөт, буга байланыштуу иштеп жаткан энергетикалык объектилерди модернизациялоо зарылдыгы бар.

Буга катар жакынкы жылдарга карата болжолдорго ылайык, электр энергиясын пайдалануунун жогорулашы күтүлүүдө, натыйжада, кубаттууулуктун кошумча көлөмдөрү менен камсыздоо зарылдыгы пайда болот.

Уланбек Рыскулов кошумчалагандай, 2017-жыл үчүн энергеткалык сектордогу акча каражатынын таңкыстыгы 1,2 млрд сомду түзүп, ал эми пландык көрсөткүч 1,7 млрд сомго барабар болгон. Ошондой эле ал 2019-жылдан тарта энергетикалык тармактын чет элдик зайымдары боюнча төлөмдөрү кескин жогорулап, анын эң жогорку деңгээли 2025-жылга туура келип, төлөмдүн ар жылкы суммасы болжол менен 11,8 млрд сомду түзөөрүн белгиледи.

Өкмөт башчы энергетика жаатында орун алып жаткан акыркы окуялардын фонунда коомчулуктун аталган тармакка карата ишеними кескин төмөндөгөндүгүн баса белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, мунун бардыгы натыйжасыз башкаруу, айрым жетекчилердин ачык эмес ишмердик жүргүзүүсү жана чогулган көйгөйлөрдү чечүүнү создуктуруусуна байланыштуу келип чыккан.

Мухаммедкалый Абылгазиев аталган тармактын ишинин ачык-айкындыгын камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи. Премьер-министр өлкөнүн энергетикалык тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды ыкчам тартипте киргизүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, 2018/2019-жылкы күз-кыш мезгилинен өтүүгө карата тийиштүү даярдык көрүүнү камсыздоо тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий