• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев өлкөнүн кинематографисттерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 17.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ата мекендик кинематографисттерди кесиптик майрамы – Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады.

Төмөндө Өкмөт башчынын куттуктоосунун текстин келтиребиз:

«Урматтуу кинематография тармагынын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз киносунун күнү менен куттуктайм!

Кинематография – бул адамзат маданиятындагы өзгөчө дүйнө, жашообуздун чыныгы чагылуусу, искусствонун жалпы элге кеңири жайылган түрү.

Улуттук маданияттын баалуу бөлүгү катары кыргыз киносунун тарыхы 1941-жылдан башталып, өткөн кылымдын 60-70-жылдары коомчулукта “кыргыз кереметинин” мыкты үлгүлөрү жаралган. Кыргыз режиссёрлору тарткан фильмдер аркылуу ата мекендик кинонун аты алыскы жана жакынкы мейкиндикте жогорку деңгээлге чыгып, ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнөн орун таап, күтүп көргөн кинолорго айланган.

Айрыкча улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов кыргыз киносунда өзгөчө из калтырган. “Биринчи мугалим”, “Ак кеме”, “Саманчынын жолу”, “Жамийла”, “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармалары дүйнөлүк кинематографиянын алтын фондуна кирген. Азыр да кесипкөй кинематографисттер жаңы кинотасмаларды жаратуу үчүн Айтматовдун чыгармаларына кайра-кайра кайрылып, анын мурастарынан эргүү алышууда.

Учурда өлкөнүн кино индустриясы эл аралык фестивалдарда ишенимдүү ат салышып жатат.

Урматтуу кинематография кызматкерлери, сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм. Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакты-таалай жана чыгармачылыкта жаратмандык ийгиликтердин көп болушун каалайм. Өлкөбүз туруктуу өнүгүп, баарыбызга бакубатчылык алып келсин».

Пикир

Оставить комментарий