• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев: Мүмкүнчүлүгү чектелген жактар мыйзамга ылайык маморгандарга жумушка орноштурулушу шарт

Өкмөт 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. «Мүмкүнчүлүгү чектелген жактар өлкөнүн учурдагы мыйзамдарына жараша мамлекеттик органдарга жумушка орноштурулушу шарт», - мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев берди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Өкмөттүн милдети мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарын турмуш абалын жакшыртуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, жумуш берүүчүлөр бекитилген 5%дык квотаны эске алуу менен мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды эмгекке орноштуруу үчүн жумушчу орундарды түзүүгө милдеттүү.

«Бирок биз көрүп тургандай, аталган ченем иш жүзүндө кагаз түрүндө калып, толугу менен аткарылбай келүүдө. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен биргеликте мыйзамдын аталган ченеминин аткарылышына карата тийиштүү текшерүүөткөрүүсү кажет», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий