• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:


Урматтуу маданият жана искусство ишмерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Маданият ишмерлеринин зор аракети менен сакталып келе жаткан тарыхый-маданий мурастар, мыкты чыгармалар аркылуу биздин элибиздин нарктуу образы, колориттүү өзгөчөлүгү даңазаланып турат.

Соңку жылдары маданиятта жана искусстводо ондогон жаңы таланттардын ысымдары пайда болду, театрда, кинодо, музыка багытында бир эле республикалык деңгээлде эле эмес, эл аралык деңгээлдеги фестивалдарда, конкурстарда байгелүү орундарды ээлегендер көбөйдү, бул өлкөбүздүн жогорку чыгармачыл мүмкүндүгүн күбөлөндүрүп турат.

Маданият, искусство тармагында быйыл сыймыктана турган бир топ жакшы иштер аткарылды. Алардын эң башкысы – байыркы көчмөн кыргыз элинин атын дүйнөгө тааныткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү жана заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленүүдө.

Кыргыз Өкмөтү маданият кызматкерлеринин чыгармачылыктагы өсүшүн дайыма колдоого алып, кесиптик искусствону өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип келет. Быйыл маданият тармагынын айрым кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлдү. Алдыда өлкөнүн бирдиктүү маданий мейкиндигин калыптандырууда кыргыз маданиятынын өнүгүүсүн жана өсүүсүн шарттаган маданий программаны иштеп чыгуу зарылдыгы турат.

Мындан ары да көп улуттуу элибиздеги ынтымакты, өлкөбүздөгү туруктуу өнүгүүнү, жергебиздеги тынчтыкты бекемдөөгө маданият кызматкерлери татыктуу салымын кошо бересиздер деп ишенем.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, чексиз бакыт-таалай жана чыгармачыл ишиңиздерде жаратмандык ийгиликтерди каалайм.

Пикир

Оставить комментарий