• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Май куюучу станцияларды коопсуз районго көчүрүү демилгесин колдойбуз

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеде Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө инфраструктуралык, социалдык, өндүрүш объектилерин куруудагы жана колдонууга берүүдөгү талап кылынган нормалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалыматтарды угуп, мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өкмөт башчы абага чыккан зыяндуу заттарды азайтуу, ошондой эле билим берүү мекемелерин, бала бакчаларды жана ооруканаларды куруудагы көзөмөлдү күчөтүүнү активдештирүүнүн зарылдыгына өзгөчө басым жасады. Ал зыянсыз жана экологиялык жактан таза материалдарды колдонуунун маанилүүлүгүн эске салды.

Муну менен катар Премьер-министр экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте май куюучу станциялардын ишмердүүлүгүнө комплекстүү анализ жүргүзүүнү тапшырды.

«Өкмөт баш калаанын жаркыраган борбордук бөлүгүндөгү май куюучу станцияларды, адамдардын ден соолугу үчүн тобокелчиликтерди азайтуу үчүн коопсуз районго көчүрүү демилгесин колдойт. Бул биздин борборубуз үчүн маанилүү», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. – Кыргызстанда бизнести негизсиз текшерүүлөргө бөгөт коё турган мораторий киргизилген. Бирок, ишкердик субъектилерин текшерүүгө киргизилген мораторий жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келбегендей болуш керек. Ал эми коопсуздук нормаларынын сакталышы боюнча маселеде бардык тийиштүү талаптарды сапаттуу аткарууга жетишүү зарыл».

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев турак жай курулушун активдүү өнүктүрүүнү эске алуу менен, мамлекеттик органдар курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү тийиштүү деңгээлде камсыз кылуу менен бирге, жарандарга куруучунун милдеттери жана үлүштүк курулуштардагы тобокелчиликтер жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Өкмөт башчы өлкө жарандарынын кызыкчылыгы үчүн республикадагы мыйзамсыз, уруксатсыз курулган жеке турак жайлардын санын эсепке алууну тапшырды. Ал социалдык жана турак жай курулушунун ортосундагы теңдешсиздикке алып келе турган мыйзамсыз курулуштун оңой эмес кесепеттерине байланышкан бул маселенин маанилүүлүгүнө токтолду.

«Акыркы жылдары борбордогу жана өлкө аймактарындагы жолдорду курууда жакшы жылыштар бар. Бирок бардык эле жерлерде курулуштун сапаты камсыз кылына бербейт, ошондуктан ушул багыттагы иштерди күчөтүү керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле экологиялык жана техникалык коопсуздукту мамлекет тараптан көзөмөлдөө үчүн өздүк борборлоштурулган лабораторияны түзүү боюнча иштерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Премьер-министр экономиканы туруктуу жана коопсуз шартта өнүктүрүү үчүн бардык өндүрүштүк, социалдык объектилердеги жана турак жайлардагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды натыйжалуу чечүү жана алдын алуу мүнөзүндөгү чараларды активдештирүү керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий