• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев Макмал кенинин иштөө мөөнөтүн узартуунун маанилүүлүгүн белгиледи

Өкмөт 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызалтын» ААК учурдагы ишин талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Өкмөт башчы атамекендик экономиканын түзүмүндөгү тоо-кен өндүрүү тармагынын стратегиялык мүнөзүн белгилеп, анын натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу боюнча иштиктүү чараларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков маалымдагандай, Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, уюмду өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыккан, анын негизги милдети катары чыгашалуу өндүрүштүк филиалдарды биргелешкен ишканаларга өзгөртүп түзүү жана баалуу металлдардын жаңы кендерин, ошондой эле жаңы сервистик ишканаларды өздөштүрүү үчүн инвестицияларды тартуу болуп саналат. Ошондой эле ал «Кыргызалтын» ААК учурдагы башкаруу түзүмүн өзгөртүү мүмкүндүгү каралып жаткандыгын белгиледи.

Буга катар Алмаз Алимбеков бүгүнкү күндө запасы аяктап жаткан Макмал алтын кенинин мындан аркы келечеги тууралуу маалымат берди. Ал кендин иштөө мөөнөтүн сынактык тандоо жолу менен инвестиция тартуу аркылуу узартууга мүмкүндүгүн кошумчалады. «Биз инвесторлорго техногендик тоо-тек үймөктөрүн кайра иштеп чыгууну сунуштай алабыз. Анда 5–6 тонна алтын запасы бар 11,2 миллион тоннага жакын кен бар. «Восточная» жана «Диоритовая» шахталарында геологиялык иликтөө жүргүзүү керек, анда болжол менен 14 тоннага жакын алтын бар. Инвесторлорго кошумча түрдө биз кайра иштеп чыгуу үчүн келечектүү объектти сунуштайбыз. Бул болжодуу түрдө 5 тонналык алтын запасы бар Макмал калдыктарды сактоочу жайы болуп саналат», - деди Алмаз Алимбеков.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жалпы сынактык тандап алуу процесси ачык-айкын өтүүсү керектигин белгиледи. Анын айтымында, келечектүү инвесторлор да аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калк үчүн жумушчу орундарды камсыздоого өзгөчө көңүл бурушу кажет.
Өкмөт башчы сынак өткөрүүгө даярдык иштерин тездетүүнү жана жергиликтүү тургундар арасында Макмал алтын кенинин иштөө мөөнөтүн узартуунун маанилүүлүгү тууралуу көчмө түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий