• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев Мамин менен болгон жолугушууда күйүүчү май маселесин көтөрдү

Саясат 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандан күйүүчү май жана мунайды Кыргызстанга ташуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу өкмөт башчысы Бишкеке расмий визити менен келген Казак Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен болгон жайык жолугушуусунда сөз кылды.

“Отун-энергетика комплексин өнүктүрүү максатында Кыргызстан Казакстандан күйүүчү май жана мунай ташуу маселесин чечүүгө кызыкдар. Биз бул документке Казакстандан кол коюларына үмүт кылабыз”, - дейт Абылгазиев.

Премьер эки элдин тарыхый кызматташуусу, стратегиялык өнөктөштүгү жана ЕАЭБге мүчөлүгү эки өлкөнү абдан жакындатаарын эскертти.

Пикир

Оставить комментарий