• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Мамлекет коңшу өлкөдө коронавирустун жайылышына байланыштуу коопсуздук чараларын күчөттү

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтү коопсуздук чараларын күчөтүп, коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына киришин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө үчүн бардык күчүн жумшайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу боюнча Өкмөттүн кабыл алган чараларын талкуулаган кеңешменин жүрүшүндө билдирди.жыйынында билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөөнүн бардык зарыл чаралары иштелип жатканын айтты.

«Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү көп өлкөлөр коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу оор жагдайга туш болду. Бул биздин өлкө үчүн да чоң сыноо. Биз күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз, бардык тармактык кызматтар күчөтүлгөн режимде иш алып барууда», - деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев ар бир вице-премьер-министрге, Өкмөт мүчөлөрүнө көзөмөл-өткөрүү жайлары бекитилгенин, алар ошол тилкеде көзөмөлдөөнү камсыз кылууга жооптуу экенин айтты. Премьер-министр көзөмөл-өткөрүү жайларында, аэропорттордо текшерүүчү кызматтардын өкүлдөрүнүн санын жетиштүү деңгээлде камсыз кылуу тапшырмасын берди.

«Коңшу Казакстан жана Өзбекстанда коронавирустун чыккан учуру аныкталды. Мен биздин өлкөнүн жарандарын мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүнүн санын кыскартууга жана мүмкүнчүлүккө жараша өлкөдөн сыртка чыкпоого, көп сандагы адамдардын катышуусундагы тойлорду жана улуттук салттуу иш-чараларды өткөрбөй турууга чакырат элем. Кандайдыр бир байланыштарды азайтуу зарыл. Мындан тышкары биз окуучуларды жана студенттерди каникулга эрте тараттык. Бул баарынан биринчи алардын коомдук транспортко түшүүсүн жана коомдук жайларга баруусун азайтуу үчүн жасалды. Жарандарды бул маселеге өтө чоң жоопкерчилик менен мамиле кылууга жана эл көп чогулган жерлерге барууну чектей турууга чакырам. Ар бир жаран муну түшүнүүсү зарыл», - деди өкмөт башчы.

Өкмөт башчы белгилегендей, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы менен кандайдыр бир коркунучтар, бизнес чөйрөдөгү маселелер жок, жүк ташуулар кадимки режимде жүргүзүлүүдө жана жүргүзүлөт.

«Бир нече күн мурда биз айрым азык-түлүк продуктуларынын баасынын жогорулашына туш болдук. Өкмөттүн чечими менен азык-түлүк продуктусунун 11 түрүнө бааны көтөрүүгө чектөө киргизилүүдө, алар – ун, кант, өсүмдүк майы жана башкалар. Ошентип, соодагерлер бааларды негизсиз көтөрүп жана аларды өздөрү каалаган баада сата алышпайт. Баалар катуу жөнгө салынат, спекулянттарга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Базарлардагы жана соода жайларындагы бааларга тиешелүү кызматтар, райондордун акимдери жана ыйгарым укуктуу өкүлдөр тыкыр көзөмөлдөп турушат. Жарандар бааларды жогорулатуу учурлары боюнча түз байланыш телефондоруна кайрыла алышат. Кыйын кездерде жарандардын мындай маселелерди жалгыздап чечүүсүнө жана кээ бир адамдардын карапайым жарандардын эсебинен пайда көрүүсүнө жол бербейбиз. Өлкөдө азык-түлүк жана башка күнүмдүк керектелүүчү товарлардын запасы жетиштүү. Кыргыз Республикасынын өкмөтү импорттоочулар менен биргеликте өлкөгө тамак-аш продуктуларын жана адамдарга күндө зарыл болгон башка товарларды үзгүлтүксүз ташууну камсыздоо иштерин улантууда», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Жыйындын соңунда көзөмөл-өткөрүү жайларындагы, ошондой эле бааларга мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө, калк арасында вирустук илдеттердин алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий