• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Мамлекетке жана элге жоопкерчиликтүү, акыйкат жана таза иштөө – менин башкы принциптерим

Өкмөт 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. «Мамлекетке жана элге жоопкерчиликтүү, акыйкат жана таза иштөө – менин башкы принциптерим», - деп билдирди мурдагы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар жана өкмөттүн аппаратынын жамааты менен жолугушуу учурунда.

Мурдагы өкмөт башчы белгилегендей, кечээ ал кызматынан кетүү саясий чечимин кабыл алган.

«Акыркы мезгилде Өкмөттүн, анын ичинде менин атыма фактылар менен тастыкталбаган сөздөр Жогорку Кеңеште да айтылып кетти. Бул мени катуу тынчсыздандырды. Сын-пикирлер өкмөттүн атына дайыма айтылып келген, бирок өкмөттүн кадыр-баркына, аброюна шек келтирген далилсиз сөздөр мени ойлондурду. Дагы бир жолу баса белгилеп айтам: Мен жыштыктар боюнча иштерге эч кандай тиешем жок! Бул иштер адилеттүү жүргүзүлүшү үчүн өзүм демилге көтөрүп, кыска мөөнөттөгү эмгек өргүү алгам. Тергөө иштери узарууда, дагы канча убакытты алат, белгисиз. Ошондуктан мамлекеттик кызматтын этикасын сактап, коронавируска байланышкан кризистин маалында аткаруу бийлигинин көңүлү бир жерге топтолушу үчүн – ушул чечимге келдим. Бул иштер мыйзам чегинде жүргүзүлүп, аягына чекит коюлат жана коомчулукка маалымат берилет деп ишенем», - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, Кыргыз Республикасынын элине так кызмат кылуу – анын башкы принциптеринин бири.

«Кыргыз элине жоопкерчиликтүү, акыйкат жана таза иштөө – менин жашоодогу башкы принциптерим. Мен андан эч качан тайган эмесмин жана тайбайм. Элим үчүн ар дайым ак кызмат кылууга даярмын. Кыргызстандын келечеги кең», - деди ал.

Ал кыргызстандыктарга, президент Сооронбай Жээнбековго терең ыраазычылык билдирди.

«Президентибиз Сооронбай Шариповичке өкмөттүн атынан ыраазычылыгымды билдирем. Биз ал кишинин колдоосун биринчи күндөн тартып сезип турдук. Президентибиздин ишине, баштаган реформаларынын баарына чоң ийгиликтерди каалайбыз», - деди ал.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин депутаттарына жана төрага Дастан Жумабековго өкмөт менен конструктивдүү иш алып баруусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Экс-премьер-министр министрликтердин, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине, акимдерге, жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына ыраазычылык сөзүн айтты.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргызстан – кичинекей өлкө, бирок мүмкүнчүлүгү чоң жана таланттуу адамдардын өлкөсү.

«Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: «Улуу элдин кулуну болгонума сыймыктанам!» деп айтты эле. Мен да бул сөздү сыймык менен айтам. Бардык билимимди, тажрыйбамды Кыргызстанымдын бакубатчылыгына, гүлдөшүнө жумшагандыгым үчүн сыймыктанам. Элиме, мамлекетке ак ниет кызмат кылууга даярмын. Кадырман калкыбыз мезгилдин бардык чакырыктарын ар-намыстуулук, кайратмандык менен жеңип, өз карт тарыхында жаңы барактарын ачат», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий