• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев мамлекеттик активдерди башкаруу ишмердигин сынга алды

Өкмөт 0


Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын ишмердиги маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктү жана мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери коомдо кыйла курч турат. Премьер-министр мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын көпчүлүк бөлүгү башкаруу сапатынын төмөндүгүнөн рентабелдүү эмес жана чыгашалуу болуп саналарын өзгөчө белгиледи.

«Сапаттык эмес, сандык көрсөткүч басымдуулук кылган жагдай түзүлдү. 2017-жылы жалпысынан 878 мамлекеттик ишкана өлкө бюджетине болгону 266 миллион сом алып келген. Бул ошол компаниялардын натыйжалуулугунун төмөндүгүн билдирет. Эгерде жеке компаниялар төмөнкү рентабелдүүлүк менен иштешсе, анда алар таратылат. Мамлекеттик компаниялардын шартында алар мамлекеттен маяна жана субсидияларды алууну улантышат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары ал айрым мамлекеттик компаниялар мамлекеттен субсидияларды алышарын жана ошол эле учурда өз каражаттарынын бөлүгүн кайрымдуулукка жана демөөрчүлүккө багыттай турганын кошумчалады.

«Айрым мамлекеттик ишканаларда алардын ишмердигине шайкеш келбеген эмгек акылар белгиленген. Бонустар жана акчалай сыйлыктар компаниялардын жылдык кирешелеринен жана көрсөткүчтөрүнөн көз карандылыкта бекитилиши зарыл. Чыгашалуу ишканалардын жогорку маяналарды алуусу адепке туура келбейт деп эсептейм», - деди Премьер-министр.

башчы белгилегендей, компаниялардын жетекчилери өз ишмердиктерин заманбап рыноктук механизмдерге ылайык жүргүзүүлөрү кажет. Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле колдо болгон активдерди натыйжалуу башкаруунун төмөндүгүн билдирди.

«Азыркы тапта биз мамлекеттик ишканалардын рыноктук баасын билбейбиз. Мамлекеттик компанияларда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин киргизүү боюнча бизде бир дагы таасирдүү долбоор жок, анткени бизнес аларга ишенбейт», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр эгерде мындай кырдаал уланса, 2018-2020-жылдарга карата менчиктештирүү программасы аркылуу бир катар компаниялар боюнча сатуу чечимин кабыл алуу жана түшкөн каражаттарды жеңилдетилген насыяларды берүү жана башка механизмдер аркылуу бизнести колдоого багыттоону карап чыгуу зарылдыгын баса көрсөттү.

«Чыгашалуу компанияларды камсыздоону улантуунун ордуна, иштеген бизнестен салык алып турганыбыз туура. Бул ишканалардын өздөрүнүн ишмердигине да оң таасирин тийгизет», - деди Мухаммекдалый Абылгазиев. Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик компанияларды башкарууда алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарыл. Ал стратегиялык мамлекеттик компанияларды натыйжалуу башкарууну жогорулатуу үчүн коңшу өлкөлөрдө колдонулган сыяктуу чет элдик менеджерлерди тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарылдыгын кошумчалады.

«Мамлекеттик мүлктү башкаруу тармагындагы бүтүн кырдаалды кайра карап чыгуу кажет. Биз натыйжалуу иштеген гана жетекчилерди калтырышыбыз зарыл. Бул үчүн KPI (натыйжалуулуктун маанилүү көрсөткүчтөрү) сыяктуу ишканалардын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн киргизүү зарыл», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев активдердин, кирешелердин, чыгашалардын рентабелдүүлүк динамикасы жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор менен мамлекеттик ишканалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрү тууралуу маалыматтарды сунуштады. Ал 2014-жылдан 2017-жылга чейин мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун активдеринин рентабелдүүлүгү 7,76%дан 6,41%га чейин төмөндөгөнүн билдирди. Мындан тышкары иштеп жаткан 98 мамлекеттик ишкананын ичинен 23ү ишмердиги тууралуу отчетту таптакыр беришпейт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бир айлык мөөнөттө мамлекеттик компаниялардын рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча деталдуу талдоо жүргүзүүнү, ошондой эле алардын көрсөткүчтөрүнө жараша эмгек акыларын кайра карап чыгууну тапшырды. Муну менен бирге натыйжасыз мамлекеттик компанияларды кайра түзүү жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүү милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий