• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы менен жолукту - эмнени талкуулашты?

Өкмөт 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Ачык системаны толук кандуу ишке киргизип, адамдык факторду азайтуу аркылуу гана бажыга болгон ишенимди кайтарууга болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев менен жолугушкан учурда билдирди.

Жолугушууда Өкмөт башчыга бажы органдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бажы жол-жоболорун модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар айтылды.

Ошондой эле бюджеттин киреше бөлүгүн жана Премьер-министрдин иш бөлмөсүндө иштей баштаган маалымат мониторундагы маалыматтарды колдонуу аркылуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылууга байланыштуу маселелер талкууланды. Бюджеттин киреше жана чыгашасы, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү боюнча толук маалыматтар менен катар эле, монитордон реалдуу убакытта бажы түйүндөрүндөгү видеобайкоо камераларынын жардамы менен аракеттерди көзөмөлгө алса болот. Ошондой эле бул түйүн «Түндүк» мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошулган жана мекеменин сайтында бардык кааалоочулар үчүн жеткиликтүү.

Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт жүктөрдү электрондук тариздөө механизмдерин киргизүү жана бардык бажы постторунда автоматташтырылган системаны толук масштабдуу иштетип баштоону камсыз кылуу милдеттерин коюп жатканын белгиледи.

«Бажынын натыйжалуу жана ачык иши мамлекеттик бюджетти туруктуу толтуруу үчүн гана эмес, өлкөдө жагымдуу инвестициялык жана ишкердик климатты түзүү үчүн өтө маанилүү. Тилекке каршы, ондогон жылдар ичинде коомдо бажы кызматкеринин терс образы калыптанып калды. Көпчүлүк учурда буга иштөө механизмдеринин начардыгы жана ачыктыктын жоктугу себеп болгон. Мындай кырдаалды чечкиндүү жана ырааттуу аракеттер менен гана оңдоо мүмкүн. Бул оңой эмес жана көп эмгекти талап кылган процесс. Кытай менен чек арадагы өткөрмө жайларда ишке берилген инспектордук тыкыр көзөмөлдөө комплекстери сыяктуу, башка тилкелерди дагы заманбап техника менен жабдууга тийишпиз. Бул системалар реалдуу убакыт режиминде бажы ишине көз салууга шарт түзөт. Бажы кызматы мамлекеттин кирешесин түзүүгө зор салым кошуп, экономикалык саясатты ишке ашырууга активдүү катышканына карабастан, жарандар бажы иши тууралуу толук кабардар эмес. Бардыгына түшүнүктүү, ачык-айкын жана жеткиликтүү система болушу керек», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле Өкмөт мамлекеттин жана бизнестин натыйжалуу кызматташуусу үчүн бажы-логистикалык терминалдарды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптери менен өнүктүрүү максатын койгону айтылды.

Өкмөт башчы Европа жана Азияны бириктирген, эл аралык транспорттук коридорлордун кесилишиндеги, Кытай менен чек арага жакын аймактагы эң заманбап индустриалдык-логистикалык борборлордун бирин куруу боюнча ири долбоорду ишке ашырууну белгиледи. Анын айтымында, бул долбоорду жүзөгө ашыруу менен «күзгүдөй чагылдырылган» статистиканын негизинде кытай тарап менен бажылык башкарууну өркүндөтүп, такталбаган товар жүгүртүүнүн реалдуу көлөмүн аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Жолугушуунун соңунда Премьер-митнистр бардык бажы түйүндөрүндө, анын ичинде бажылык тариздөө жайларында ачык-айкын маалыматтык системаларды киргизүү боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды. Мухаммедкалый Абылгазиев бажы төлөмдөрүн өз учурунда жана толук көлөмдө түшүүсүн жана алардын көлөмүнүн өсүү тенденциясын мындан ары да сактоону камсыз кылууга байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди.

Маалымдама: 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 7 миллиард 500 миллион сомго көбөйүп, 41,7 миллиард сомду түзгөн. 2019-жылы Бажы кызматынын алдына 7 миллиард сомдон кем эмес бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздоо милдети коюлган.

Пикир

Оставить комментарий