• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 23.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу кесиптештер,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан баарыңыздарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктайм!

Бүгүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу тутумунун маанилүү элементи, анын натыйжалуу ишинен Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү көз каранды.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөө – бул элдин жана мамлекеттин алдында чоң жоопкерчилик. Мен күчтүү, демократиялуу жана экономикалык жактан өнүккөн, мыйзам жогорку күчкө ээ болгон, ал эми карапайым жарандардын укуктары жана кызыкчылыктары ишенимдүү корголгон мамлекеттин курулушуна ар бириңиздер колдон келишинче салым кошконуңуздарга ишенем.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасын ишке ашыруу алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ролун өркүндөтүүгө жана жогорулатууга чоң көңүл бурулат.

Мамлекеттик башкаруу тутумун жакшыртуу, кайталанма функцияларды жоюу, кесипкөй сапаттарды жогорулатуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматка калктын бакубаттуулугу үчүн иштөөгө кызыкдар жаш, билимдүү адистерди тартуу боюнча иштер улантылат.

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Бүгүнкү майрамда баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубатчылык жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

Дагы бир ирет Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыздар. Биз биргеликте алдыбыздагы бардык милдеттерди аткара алабыз!».

Пикир

Оставить комментарий