• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев мамлекеттик үлүшү бар компанияларда натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн эки жумалык мөөнөттө киргизүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик үлүштүү акционердик коомдордун ишмердүүлүгү маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна мамлекеттик үлүштүү компанияларда натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) жана менеджментти баалоо критерийлерин эки жумалык мөөнөттө киргизүүнү тапшырды.

Мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын жетекчилери катышкан кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев маалымдагандай, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасына ылайык, учурда Фонд 50% ашуун акцияларынын менчик ээси катары саналган 22 акционердик коомдо ишмердүүлүк натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) киргизүү пландаштырылууда.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, мамлекеттик үлүштүү акционердик коомдордун активдеринин жана капиталынын рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрү жыл сайын төмөндөп, туруксуз болууда. Компаниянын реалдуу абалын талдап, анын өнүгүүсүн болжолдоого мүмкүндүк болбой жатат.

Ишмердүүлүк натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) өзүнө акционерлердин инвестицияларынын рентабелдүүлүгү, акционердик капиталдын рентабелдүүлүгү, активдердин рентабелдүүлүгү, таза үстөктүк маржа, операциялык чыгымдардын көрсөткүчтөрү, өздүк капиталга милдеттенмелердин коэффициенти, адекваттуулук коэффициенти жана узартылган кредиттердин үлүшү боюнча көрсөткүчтөрдү камтыган өнүккөн экономикада кабыл алынган индикатор боюнча баалоо сунушталууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, бүгүнкү күнү башкаруу сапатынын төмөндүгүнөн мамлекеттик үлүштүү акционердик коомдордун көп бөлүгү натыйжасыз жана чыгашалуу болуп саналууда. «Рыноктук мамилелердин шарттарында ишканалардын жетекчилери заманбап рыноктук механизмдерге ылайык таасирдүү иштөөлөрү зарыл. Ачык жана айкын менеджмент, мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын жеке менчик ишканалар менен ачык атаандашуусу болушу кажет», - деди Премьер-министр.

Ошону менен бирге Өкмөт башчынын айтымында, мамлекеттик компанияларда алардын жетекчилеринин эмгек акыларын адилетсиз жана сарамжалдуу эмес төлөө байкалууда.

«Айрым мамлекеттик компанияларда эмгек акылар туура белгиленген эмес. Бонустар жана сыйлык акчалар менеджменттин, жылдык кирешенин жана компаниялардын чыныгы көрсөткүчтөрүнүн натыйжалуулугунан көз карандылыкта гана бекитилиши керек», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. – Мамлекеттик мүлктү башкаруу тармагындагы жалпы жагдайды кайрадан карап чыгуу зарыл. Натыйжалуу иштеген гана жетекчилер калышы керек. Эки жуманын ичинде компания жетекчилери сунуштарын киргизип, алардын ишин баалоо жана эмгек акысын түзүү критерийлерин иштеп чыгууга активдүү катышуулары керек. «Оюндун шартын» бардыгы жакшы түшүнүүгө тийиш», - деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бул демилгени компаниялардын жетекчилери колдоого алышып, өз сунуштарын жана эскертүүлөрүн айтышты, анын ичинде мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн тизмесине да токтолушту.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдорго ишмердүүлүк натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) эки жумалык мөөнөттө киргизүүнү тапшырды. Ошону менен бирге Өкмөт башчы компаниялардын натыйжалуулугун калыс жана ар тараптуу баалоону камсыздоо үчүн критерийлерди дыкат иштеп чыгууну талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий