• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев мамлекеттик органдарды сынга алды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-сентябрда, жумушчу кеңешмеде мамлекеттик органдарды натыйжалуу программалык бюджет долбоорлорун иштеп чыгууга жөндөмсүздүгү үчүн сынга алды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Бюджеттик процесстин ишинин программалык-максаттуу принциби жана бюджетти уюштурууга өтүү бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуунун бирден-бир негизги ыкмасы болуп калаары болжолдонууда.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, ошондой эле Транспорт жана жолдор министрлигинин жетекчилери Өкмөт башчыга өз ведомстволорунун прграммалык бюджеттери тууралуу ой-пикирин ортого салды.

Маалыматты уккан соң, Премьер-министр иштелип чыккан программалык бюджет долбоорлорунда натыйжасыз чыгашаларды үнөмдөө жана кыскартуу эсебинен мамлекеттик органдардын ишин жакшыртууну камсыздаган жыйынтыктарды берүүчү конкреттүү негизделген сунуштардын жоктугун сынга алды.

«Сиздердин программаңыздар так жана түшүнүктүү болушу керек. Сиздер жыйынтыкка умтулуп, ага бюджетти натыйжалуу пайдалануунун иштиктүү механизмдерин киргизүүңүздөр шарт. Ошондо гана бюджеттен өз убагында жана толук көлөмдө каражат алып, аны максималдуу кайтарым менен пайдалана аласыздар», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Сиздер мисалга, тигил, же бул өндүрүшкө заманбап технологиялардын киргизилүүсү менен маанилүү каражаттарды үнөмдөөгө мүмкүндүк жаралаарын жана ал каражаттар башка керектүү максаттарга пайдаланылаарын так көрсөтүүңүздөр керек».

Өкмөт башчы белгилегендей, жарандар программалык бюджеттер мамлекеттик органдар тарабынан аларга карай көрсөтүлгөн тейлөө сапатын кескин жакшыртууга мүмкүндүк берээрин түшүнүшү керек.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдарга үч күндүк мөөнөттө так жана түшүнүктүү, натыйжалуулук индикаторлору, артыкчылыктары жана болжолдуу күтүүлүүчү жыйынтыктары көрсөтүлгөн программалык бюджет долбоорлорун иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий