• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйынына катышты.

Жыйын жүрүшүндө мамлекеттик бюджеттин 2018-жылкы киреше бөлүгүн аткаруу маселеси, салыктык карыздарды өндүрүү боюнча иштин жыйынтыгы жана учурдагы башка маселелер талкууланды.

Атап айтканда, отчеттук мезгилде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 79 млрд 583,9 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. 2017-жылга салыштырмалуу салыктардын түшүшү 6 млрд 122,6 млн сомго же 8,3 пайызга көбөйгөн.

2018-жылы салыктын кээ бир түрлөрү боюнча план-божомол ашыгы менен аткарылган. Алсак, пайыз салыгы 218,7 %га аткарылды, «Кумтөр» кенинин ишмердигинен түшкөн дүң кирешеге салык – 122,9%, салыктык эмес келип түшүүлөр – 110,4%, бирдиктүү салык – 110,3%га аткарылган.

Кыймылдуу мүлк салыгы – 109,7%га, кыймылсыз мүлк салыгы – 107,7%,га, жер казынасын пайдалануу салыгы – 107,2%га, милдеттүү патенттин негизиндеги салык – 104,4%,га жер салыгы – 104,4%га, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 103,3%га, ЕАЭБден импортко КНС – 101,3%га аткарылган.

Эң эле маанилүү салыктык чегерүүлөр түстүү металл жаатында – 19%, сатуу ишканаларында – 16%, байланыш түзүмүндө – 8%, башка ишмердиктерде – 9% өндүрүлгөн.

Республика боюнча 2019-жылдын 1-январына карата салык карызы 2 млрд 329,9 млн сомду түздү, бул 2018-жылдын 1-январына салыштырмалуу 106,4 млн сомго кыскарган.

Мындан тышкары салык кызматы 2018-жылы бюджетке кирешелердин келип түшүүсүн камсыз кылуудан тышкары, салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтарды өркүндөтүүгө, анын ичинде өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн, салык төлөөчүлөрдүн салыктык милдеттенмелерин аткаруусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, экономиканын көмүскө секторунун үлүшүн кыскартууга жана ак ниеттүү салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүүгө, салыктык башкаруунун маалыматтык системасын андан ары өнүктүрүүгө, салык төлөөчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө багытталган иш-чараларды улантты.

Ошону менен бирге маалыматтарды онлайн режиминде берген контролдук-кассалык машинаны орнотуу аркылуу фискалдаштыруу долбоорун андан ары ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп, анда 14 миң 232 ККМ орнотулган. 2018-жылдын январь-ноябрь айларынын аралыгында ККМ онлайн орноткон чарбалык субъекттердин түшкөн акчасы 204 млрд 211 млн сомду түзгөн, бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 64 млрд 951 млн сомго же 143,8%га көп, мында салык милдеттенмелери 6,6 млрд сомду түзүп, 2017-жылдагы деңгээлден 1,6 млрд сомго же 132,3%га көп.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, салык салуу тармагындагы мамлекеттик саясатты мындан аркы толук кандуу ишке ашырууну талап кылуу менен салык кызматындагы салыктык милдеттердин баарын бириктирүүгө даярдык жүрүп жатат.

«Бул үчүн кызматтын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, жоопкерчилиги так аныкталган компетенттүү жана күчтүү кадрларды алуу, салык төлөө процесстерин жөнөкөйлөштүрүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүү зарыл. Ар ким өзүнүн конкреттүү иш тилкеси үчүн жооп берүүгө жана колунан келбесе, ишинин жыйынтыгын көрсөтпөсө кетүүгө тийиш», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык тармак кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүү боюнча Өкмөт койгон милдеттерге Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин көңүлүн бурдурду.

«Биз ар бирибиз бул милдеттерди так аткара баштаганда гана муну ишке ашырып жана өлкө үчүн натыйжалуу иштерди көрсөтө алабыз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий