• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев мамлекеттик тил боюнча сынактан өттү. Өкмөт башчы алган баа

Өкмөт 0

Бишкек, 19.10.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн мүчөлөрү менен бирге «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы С1 жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алган.

Ошондой эле премьер-министр «Кыргызтест» мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөнүүдөгү ыкмалардын негиздери менен таанышкан.

Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн мамлекет мындан ары да күч-аракетин жумшай берерин билдирген.

«Биз окутуу системасын жакшыртуу жана заманбап инновациялык технологияларды, жаңы усулдарды киргизүү боюнча олуттуу иштерди жасашыбыз керек. Кимдер бирөөнүн тилди үйрөнүүсүн мажбурлоого болбойт, андай болбош дагы керек. Аны өздөштүрүү үчүн жарандарга түрткү берип, оңтойлуу шарт түзүү керек. Биз өнүккөн өлкөлөрдө тигил же бул тилди сактоо маселеси чыгып жатканын көрүп жүрөбүз. Тилди колдоо жана сактоонун маанилүүлүгү тууралуу акын Расул Гамзатов: "эгер эртең менин тилим жоголуп кетсе, анда мен өлүүгө даярмын" деген», – деди ал.

Анын айтымында, учурда өкмөт билим берүүгө көп тилдүүлүк принцибин киргизүү аракетин көрүүдө.

Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде өздөштүрүү абзел, болгондо да аны кемчиликсиз билүүсү керек. Буга байланыштуу премьер-министр мамлекеттик тилди билүү деңгээлин калыс аныктаган «Кыргызтест» системасынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, тилдин мындан ары өнүгүүсү баарынан биринчи мамлекеттик башкарууда, мыйзам, коом ичинде жана бизнесте колдонулушуна байланыштуу.

Өкмөт башчы, мамлекеттик тил бул Кыргызстандагы элдин биригүүсүнүн негизги фактору экенин белгилеген.

Тестирлөө бүткөндөн кийин Абылгазиевге мамлекеттик тилди С1 – жогорку деңгээлде билерин тастыктаган сертификат тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий