• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында бала бакчаларды ачуу - бул жетишсиздикти чечүү мүмкүндүгү

Өкмөт 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/.Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында бала бакчаларды ачуу - бул мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин чечүү мүмкүндүгү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна иш сапары учурунда айтты.

Ал Нарын облусунун Алыш айылындагы жергиликтүү ишкер салган жеке бала бакча менен таанышты. Бүгүнкү күндө бала бакчада 12 тарбиячы иштеп, 50 бала тарбияланат. Келечекте бул бала бакчаны муниципалдык менчикке берүү пландалууда.

«Кайрымдуу жарандар мамлекеттен жардам күтпөстөн, өз күчү менен мындай социалдык мекемелерди ачып жатканы кубандырат. Учурда жалпы өлкө боюнча 400 миң бала балдар бакчасына бара албайт. Ошондуктан мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында бала бакчаларды ачуу – бул мектепке чейин билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги боюнча маселенин акырындык менен чечилишинин мүмкүнчүлүгү», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр бала бакчага 100 миң сомдук сертификат тапшырды. Ал билим берүү мекемесинин муктаждыктарына жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий