• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча Кеңештин биринчи жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча Кеңештин биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы баса белгилегендей, Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасында жеке капиталды тартуу жана жалпы мамлекеттик маанилүү милдеттерди ишке ашыруу үчүн МЖӨ потенциалын пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулат, бул мамлекеттик бюджетке жүктөмдү азайтат.

«Бирок, тиешелүү мыйзам 2012-жылы эле кабыл алынганына карабастан МЖӨ алкагындагы биринчи долбоор баштоо баскычында турат. Бул мыйзам ченемдеринде кемчилдиктер бар жана МЖӨ өнүгүшү үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратат. МЖӨ алкагында долбоорлорду демилгелөө процедураларын жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан Мыйзамдын жаңы редакциясы парламент тарабынан биринчи окууда жактырылган», - деди Өкмөт башчы.

Ошону менен бирге Премьер-министр мамлекеттик ишканаларды башкаруу тармагында башка жаңы киргизүүлөр тууралуу эскертип жана белгилегендей, өлкөдө токтоп турган же жарым-жартылай колдонулган имараттар, курулуштар, жер тилкелери көп санда болуп саналат. Өкмөт башчынын айтымында, аларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жана МЖӨ алкагында долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу алардын ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл.

«Жыл аягына чейин МЖӨ багыты боюнча Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары боюнча гемодиализ кызматтарын уюштуруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу башталат. Ал биздин өнөктөшүбүз - Эл аралык финансылык корпорациянын колдоосунда жүзөгө ашырылууда. Ириде долбоор социалдык мүнөзгө ээ. Ошентип, узак мөөнөттүү инвестицияларды тартып, оорулуу адамдарга жардам көрсөтүп жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу колдоно алабыз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы МЖӨ алкагында долбоорлорду даярдоо боюнча министрликтердин жана ведомстволордун аракеттерин сынга алды.

«Биздин министрликтер жана ведомстволор тарабынан долбоорлорду жайылтуу деңгээли абдан жай экени байкалууда. Менимче, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, тилекке каршы, МЖӨ маңызын жана маанилүүлүгүн жакшы түшүнүшпөйт. Республикада МЖӨ алкагында потенциалдуу долбоорлорду активдүү жайылтуу жана санын өстүрүү кажет»,- деди Премьер-министр.

Ошондой эле жыйында МЖӨнү өнүктүрүүнү тездетүү максатында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборун түзүү жана мамлекет менен бизнестин узак мөөнөттүү өз ара аракеттешүүсүнүн куралдарын натыйжалуу пайдалануу үчүн мамлекеттик органдарга колдоо көрсөтүү тууралуу сунуштар угулду.

Көз карандысыз эксперт Гүлнара Каликованын айтымында, изилдөөлөр көрсөткөндөй, мамлекеттик чарбалыксубъектилерге жогорку чыгымдар, ири карыздар жана ыгы жок көбөйтүлгөн штаттар таандык.

«Алардын рыноктук мотивациясы начар жана эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөн. МЖӨ – мамлекеттик секторго жеке инвестицияларды тартуунун жана мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкарууну жогорулатуунун бирден-бир жеткиликтүү куралы. МЖӨ жардамы аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга болот», - деп ырастады эксперт.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө МЖӨ натыйжалуу куралдарын киргизүү менен алектене турган МЖӨ Борборун түзүү сунушун колдоду.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдарга мындан аркы изилдөө жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн МЖӨ алкагында конкреттүү долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздерин иштеп чыгуу боюнча эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий