• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 06.07.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчынын куттуктоо сөзү:

«Урматтуу саламаттык сактоонун кызматкерлери жана ардагерлери!

Силерди кесиптик майрамыңар кесиптик майрамыңар – Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм.

Бүгүн 50 миңден ашуун медицина кызматкерлери кесиптик милдетин татыктуу аткарып, калкыбыздын саламаттыгына кам көрүп келет. Адамдар үчүн эң баалуу болгон өмүрү жана ден соолугу – сиздердин колуңарда.

Кыргыз Республикасыны өкмөтү тарабынан 2030-жылга чейин калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча «Дени сак жаран – өнүккөн өлкө» программасы бекитилген. Ал 2030-жылга чейин ар бир жаран, үй-бүлө жана баардык коом жашоонун сергек мүнөзүн карманып, дени сак болууга умтулушуна жана саламаттык сактоону башкаруу тутумуна тартылышына багытталган.

Биз сергек жашоо мүнөзүн жайылткан жаңы маданиятты түзүүгө тийишпиз. Электрондук ыкмаларды кеңири колдонуу жолу менен саламаттык сактоонун маалыматтык тутумун түзүү керек. Бирок медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуудагы башкы роль силерге – өз ишине берилген, боорукер жана жүрөгү кең кесипкөйлөргө таандык.

Силердин эмгегиңер жана боорукердигиңер үчүн, кең жүрөгүңөр жана кесипкөйлүгүңөр үчүн ыраазычылык билдирем. Улуттун саламаттыгы силердин жана биздин колубузда, ал экономиканын ырааттуу өнүгүүсүндө жана мамлекеттүүлүк институттарын бекемдөөдө абдан маанилүү.

Силерге жана жакындарыңарга чын дилден бакыт-таалай, бакубатчылык, бекем ден соолук жана жаңы ийгиликтерди каалайм. Саламаттык сактоонун ардагерлерине да ак эмгеги жана өз ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирем».

Пикир

Оставить комментарий