• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Медицинада бир катар чечилбеген маселелер бар

Өкмөт 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын Чукул медицина борборунун (ЧМБ) Автоматташтырылган башкаруу тутумунун иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчыга Борбордун учурдагы ишмердиги жана андагы маселелер тууралуу маалымат беришти. ЧМБ директору Искендер Шаяхметовдун айтымында, тез жардам кызматынын иш процесстерин автоматташтырууну жана санариптештирүүнү камсыздоо үчүн сервистердин жана уюлдук тиркемелердин комплекси иштелип чыккан, алар бирдиктүү Автоматташтырылган башкаруу тутумун түзөт.

ЧМБ реанимация бөлүм башчысы Егор Борисов белгилегендей, бул тутум тез жардам кызматынын ар бир баскычында убакытты азайтууга, мониторинг жүргүзүүгө жана реалдуу убакыт режиминде көчмө бригадаларды рационалдуу башкарууга, чакыруулар жөнүндө маалыматтарды сактоону жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, отчеттордун жана статистиканын кеңейтилген тутумуна ээ болууга, ошондой эле кечиктирилип аткарылган чакыруулардын санын кыскартууга шарт түзөт.

«Чакыруу түшкөндө биз онлайн-режиминде тез жардам бригадалары жүргөн жерди аныктап жана чакыруунунжайгашкан дарегине кыйла жакын жана бош бригаданы жөнөтөбүз. Мындан тышкары Бишкек шаары боюнча бардык тез жардам бригаларынын учурдагы аракеттерин көзөмөлдөйбүз, ким чакырууга кетти, кимиси жолдо же бош. Бул үчүн тиешелүү техникалык жабдуулар сатылып алынган жана диспетчердик бөлүм оңдолду», - деди Егор Борисов.

Бул системаны киргизүүдө чет өлкөлөрдүн алдынкы тажрыйбалары изилденди. Тутум биринчи кезекте өлүмдүн жана токтоосуз медициналык жардам көрсөтүүгө байланыштуу оор кесепеттердин деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, социалдык тармак, анын ичинде саламаттык сактоо чөйрөсү Өкмөттүн ишмердүүлүгүндө артыкчылыктуу болуп саналат.

«Жыл сайын саламаттык сактоого 20 миллиард сомдун тегерегинде бөлүнөт. 2018-жылы биз бир катар жаңы ооруканаларды ачтык, анын ичинде тышкы жардам аркылуу. Ошону менен бирге медицинада бир катар чечилбеген маселелер бар, алар квалификациялуу кадрлардын жана тиешелүү медициналык жабдуунун жетишсиздигине байланыштуу», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы баса көрсөткөндөй, үстүбүздөгү жылы медициналык тез жардам тутумун модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулат.

«Тез жардам чакырылган жерине болушунча ыкчам келиши керек. Мындан биздин жарандардын саламаттыгы, кээ бир учурда өмүрү да көз каранды. Бишкек шаардык тез жардам кызматынын иштелип чыккан автоматташтырылган башкаруу тутумун башка кызматтардын маалыматтык системалары менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек. Бул иш принциби акырындап бүтүндөй республика боюнча киргизилиши зарыл», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселеси каралууда.

Өкмөт башчы борбор калаанын калкын токтоосуз медициналык жардам менен камтууну кеңейтүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга Бишкек шаарында кошумча тез жардам подстанцияларын куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин киргизүү боюнча иштерди активдештирүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий