• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев мекендештерди Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер –министри Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:


«Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кадырман ардагерлер!

Улгайган адамдардын эл аралык күнү – бул улгайган адамдарга карата сый-урмат көрсөтүү үчүн жана ыраазычылык жылуу сөздөрдү айтуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

Улгайган адамдардын эл аралык күнү, акыркы жылдарда белгилеп келе жаткан улгайган жарандарга камкордук көрүүнүн бир айлыгын биз ар бир адамга улуу муунга сый көрсөтүү, аларга камкордук көрүү жана кастарлоо зарылдыгы, жашоого активдүү катышууга тартуу үчүн өткөрүп келебиз.

Бул дата – улуу муундун адамдарына алардын жаш курагы тууралуу эскертүү берүү эмес, тескерисинче аларга жылуу сөз айтып, биздин аталарга жана энелерге, пенсионерлерге, согуштун ардагерлерине, эмгектин ардагерлерине, Кыргыз Республикасынын жалпы эле улгайган жарандарына биздин өлкөнүн өнүгүшү үчүн кошкон салымы, көп жылдык ак ниет эмгеги, мол тажрыйбасы, мээримдүүлүгү, акылмандыгы жана көрөгөчтүгү үчүн таазим кылуу мүмкүнчүлүгү.

Биздин улгайган жарандар коомдук турмушка активдүү катышып, саясатка, жаңылыктарга, экономикалык жетишкендиктерге кызыктар.

Алар бизге өздөрүнүн оптимизмин, жаркыраган идеалдарын ишенимди жоготпоо жөндөмүн берип жатышат. Сиздер каада-салттарды, үрп-адаттарды, тарыхий жана маданий баалуулуктарды ыйык сактап жүрөсүздөр. Ал эми, биздин милдет – алардын жашоосу татыктуу жана байгерчиликтүү болушу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшоо.

Улгайган жарандарды социалдык жактан колдоо биздин мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин белгилеп кетким келет.

Өлкө боюнча 15-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин “Улгайган курактагы адамдарга камкордук көрүү” бир айлыгын өткөрүү улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата уланып жатат.

Бул бир айлыктын чегинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан улгайган жарандарга кошумча даректүү социалдык колдоо жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча максатка ылайык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Урматтуу биздин улуу муундун өкүлдөрү!

Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубаттыкты, оптимизм, башкалардын жылуу жана камкор мамилесин жана бардык жакшылыктарды каалайм.

Ал эми, улгайган жарандарды урматтоо майрам күндөрү эле эмес, ар бирибиздин күнүмдүк милдетибиз! Сиздерге ийилип таазим кылам!».

Пикир

Оставить комментарий